Latest articles

Сүйүн Откеев, кино режиссер: “Өмүрдү текке кетирбей, эртерээк үйлөнгөн ой экен”

Сүйүн мырза жараткан эмгектерди көрүп отуруп, чыгармачылыгына баа бербей коюу мүмкүн эмес. Дегеним өз кесибин сүйүп, учурунда чет мамлекеттерге чейин барып билим алып, бүгүн мөмөсүн элине тартуулаган каарманыбыздын ушул даражага кандайча жеткени туурасында азын-оолак баяндамакчыбыз.

Биздин балалыктын оюндары укмуш эле

Баарыбыздын бала чагыбыз эң сонун келип, унутулгус кызыктуу окуялар менен коштолот экен. Менин балалыгым Сузак районунун Октябрь айылында өттү. Эки иним менен чогуу чоң ата, чоң энемдердин колунда өстүм. Үйдө улуусу болгондуктан жоопкерчиликтин баары менде болчу. Айылда мал кайтардым, чөп ордум, чоң энеме үй иштеринде жардам бердим. Ал кездеги оюндар да укмуш эле. Жазында көчө чаңытып футбол, кышында хоккей, шарик, ляңги тээп ойночубуз. Ошол оюндарды азыр да сагынам. Кээде жамгыр жааганда талаада бактын астында отко кактанып, картошканы чокко көмүп бышырып, үстүнө туздан сээп жеп, карта ойногон күндөр эске келет. Ал күндөрдүн кереметин сүрөттөп айтууга сөз жетпес. Азыркы жаш балдар мындай эмес, көбү үйгө камалып ТВ көрүп, телефон чукулап эле отурушат. Андыктан, биздин балалыкты сагынбай коюу мүмкүн эмес.

Студенттик күндөрдүн даамын Германиядан таттым

Студент болуп биринчи Ош шаарына келдим. ОшТУда байланыш бөлүмүндө 1,5 жыл окуп анан Германияга кеткем. Ал жакта алгач математика-физика бөлүмүндө окудум. Анан факультетимди азыркы кесибим болгон “Медиа Продакшн” бөлүмүнө алмаштырдым. Ал кезде Германияда кыргыздар аз эле. Бирок, кыргыз элчилиги кыргыздарды Берлинге бат-баттан чакырып, жолугушуп турчубуз. Мен стипендия алгандыктан материалдык жактан эч кыйналган эмесмин. Тескерисинче, кээ бир жергиликтүү студенттерге караганда жакшы жашачумун. Группабызда жалаң немистер жана 2-3 сырттан келген студенттер элек. Жалпысынан 10 жылга жакын жүрдүм. Азыр эстеп көрсөм, ошол 10 жыл кантип өтүп кеткенин байкабай деле калыптырмын. Негизинен Германиядан жалаң жакшы элестер менен кайттым.

Баарыбыз турмуштан өз ордубузду тапканбыз

Мен беш бир туугандын улуусумун. 2 иним, 2 карындашым бар. Карындаштарым турмушка чыгышкан. Атам Жалал-Абад филармониясында эмгектенет. Апам болсо, үйдө эле. Инилерим да биздин тармакта иштеп, мага жардам берип турушат.

Кино тартуу оўойго турган жок

Окуп жүргөн чакта эле кино тартканга кызыкчумун. Бирок, кино тартуу оор жумуш болгондуктан көп даярдык менен тажрыйба, каражат керек болду. Андыктан, ар кандай жарнамалык роликтерди, видеоклиптерди тартып, тажрыйба топтоп жүрдүм. 2010-жылы эң биринчи киномду тартып көрдүм. Ал “Соолуган карек” аттуу кыскаметраждуу тасма эле. Ошентип, кино тармагына акырындап кадам таштай баштадым.

Ийгиликтер алдыда

Кесибимди аябай жакшы көрөм. Кээде келинчегимден “кечке эле иштеп жүрө бересиң” деген тил угуп калам. Эгер бир нерсе тартсам, ал эмгек элге жакса, аркасынан жагымдуу сөздөрдү угуп турсам, мына ушул нерсе мага күч-кубат берет, стимул болот. Андан да жакшы нерселерди тарткың келет. Өтө чоң ийгиликтерге жетиштим деп айта албайм, себеби, биз жолдун башындабыз. Өткөн жылы “Кыргыз Бийи” ырына клип жараттык. Ал клип Кыргызстандын эң кымбат жана эң мыкты клиптеринин катарына кирди. 2014-жылы көптөгөн сыйлыктарды алганга да үлгүрдү. Андан сырткары, былтыр Кыргызстанда тартылган эл аралык кино долбоордо да иштеп, тажрыйба алдым. Ал жерде Европага таанымал актёр, режиссёрлор менен иштештик. Кыскасы, биз багындырчу ийгиликтер али алдыда...

Турмушту эрте баштаган жакшы экен

Келинчегим менен биринчи интернет, андан соў телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүм. Мен ал кезде Германияда элем. Келинчегим окууну бүтүп, Германияга кетүүгө камынып жүргөн кези экен. Алгач сүрөттөрүн көргөндө эле дароо жардам бергим келип кетти (күлүп). Ошентип, “документтериўди даярдап берем” деген шылтоо менен сүйлөшүп жүрдүм. Кийин Кыргызстанга 1-2 жолу келип таанышып, 2007-жылы үйлөнүп, Германияга кошо ала кеттим. 1-2 жылдан кийин экөөбүз тең чогуу өз өлкөбүзгө кайтып келдик. Азыр 2 кызыбыз бар. Кудай буюрса, жайында үчүнчүсү келип кошулат. Балалуу болгондон кийин ата-эне болуу кандай бакыт экенин көрдүм. Кээде эмнеге эртерээк эле үйлөнбөдүм экен деп калам. Андыктан бойдокторго айтарым, бир күндү да текке кетирбей эртерээк үйлөнгүлө, кыргыздардын санын чогуу көбөйтөлү.

Саясат эмес, саясий жаўылыктар кызыктырат

Саясатка көп деле кызыга бербейм. Бирок, акыркы жаўылыктар менен саясий окуяларга сөзсүз көз жүгүртүп таанышып турам. Кайсы саясатчы эмне менен алек болуп жатканынан кабарым бар. Интернет аркылуу дүйнөлүк жаўылыктардан кабар алып турам.

Өнөрүм элге тартуу

--Быйыл ТВ долбоорлорго көбүрөөк басым жасап жатабыз. Жакында 5-каналда “2 АДАМ” аттуу долбоорубуз башталганы турат. Кино жөнүндө “КИНОШОУ” көрсөтүүсүн чыгаруу алдында турабыз. Ал программада алпаруучулуктун эки тизгин, бир чылбырын колго алганы турам. Кыскасы, “урушта туруш жок” дегендей колубуздан эмне келсе, ошону аткарганга аракет кылып жатабыз.

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...