Latest articles

Бажы тарифи жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам бажы алымдарынын ташып келүү жана ташып кетүү коюмдарын колдонуунун, бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын белгилөөнүн тартибин, товарлардын чыгарылган өлкөсүнө жана аларды ташып келүү шарттарына жараша бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын колдонуу өзгөрчүлүктөрүн, ошондой эле тарифтик преференцияларды жана тарифтик квоталарды берүү өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Ушул мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишимге ылайык Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифи колдонула баштаган датадан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 81 мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...