Latest articles

Айлана-чөйрөнүн абалы тууралуу сайт ачылды

Бишкекте айлана-чөйрөнүн абалы боюнча маалыматтар камтылган сайт ачылды. Бул тууралуу Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун токой жана биотүрдүүлүк, айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү башкармалыгынан (FLERMONECA) маалымдашты.

Аталган маалыматка таянсак, кечээ 29-январда Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбор КРдин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргызстандагы айлана-чөйрөнүн абалы тууралуу маалыматты камтыган онлайн-ресурсту тааныштырды.

Интернет баракчаны КРдин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин веб-сайтынан көрүүгө болот. Анда ыңгайлуу форматта атмосфералык аба менен суунун сапаты, био ар түрдүүлүк жана башка экологиялык маалыматтар камтылган.

Интернет баракча дайыма жаңыртылып турмакчы.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...