Latest articles

Аш казан рагынан өзүңдү кантип сактоого болот?

Ашказан рагынын профилактикасы коркунуч факторлорунун таасирин колдон келишинче болтурбоодо турат. Ашказан рагынын профилактикалык ыкмасы өтө эле жөнөкөй жана ар бир адамдын колунан келет:

1) тамак ашта туздуу, сүрсүтүлгөн, ышталган азыктарды, нитраттарды жешти азайтуу жана тамак аш рационунда жаңы жашылча, жемиштерди көбөйтүү.

Жаңы жашылча жемиштер менен мөмөөлөр антидоксиданттар болуп саналат, алар концерогендүү заттарды байланыштырат;

2) Тамеки тартуудан жанат алкоголь ичимдиктерди ичүүдөн толук баш тартуу;

3) Дарыгерде үзгүлтүксүз көрүнүп туруу жана ракка айланып кетүү абалын ашказандын полпозун, өнөкөт гастритин жана ашказан өнөкөт жарасын өз учурунда дарылоо.

Ким текшерилүүсү керек?

45-50 жаштан өткөн курактагы адамдардын бардыгы жылын бир жолу оору байкалбаса да ашказанды профилактикалык текшерүүдөн өтүп коюу, анткени ашказан рагынын оорусу мына ошол курактан баштап кыйла көбөйөт.

Кимге кайрылуу керек?

Дарыгер гастроэнеролог же онколог ар бир ачык-айкын учурда текшерүүнүн зарылчылыгын кыйла так аныктап берет жана ашказан рагынын профилактикасы боюнча сунуштарды берет.

Өзүңдү текшер Туура же туура эмес деген жооп бер

1. Туздуу тамак ашты пайдалануу ашказан рагынын өнүгүү коркунучун жогорулатпайт.

2. Жашылча жемиштерди пайдалануу ашказан рагынын өнүгүү коркунучун төмөндөтөт.

3. Ашказандын өнөкөт оорулары ашказан рагынын өнүгүү коркунучун жогорулатат.

Жооптор:

1. Туура эмес. Туздалган( маринаддалган) тамак-аштар аш казандын былжырлуу чел кабыгын бузат жана аш казан рагынын өнүгүү коркунучун жогорулатат.

2. Туура. Жаңы өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди, өзгөчө витамин саны көп камтылуучу (көк пияз, чамгыр, жемиштер) жана ветакоротиндер (сабиз, ашкабак, курма) аш казан рагынын өнүгүү коркунучун төмөндөтөт.

3. Туура. Ашказан оорусунун (гастрит жана аш казан жарасы) себепчиси хеликобактер пилори микробу болуп саналат. Ал адатта аш казан рагынын өнүгүү коркунучун жогорулатат деген далилдер бар. Бирок, так маалымат жок, инфекцияны антибиотиктер менен дарылоо аш казан рагынын өнүгүү коркунучун төмөндөтөт.

Урматтуу окурмандар! Эгерде сиз рак оорулары боюнча кеп-кеңеш алууну кааласаңыздар төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:

"Эргене" коомдук фонду Бишкек ш.,

Ибраимов көч., 68. Телефону (312) 979508,(0555) 530240 Таалайгүл

www.ergene.org.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...