Latest articles

9-10-майга карата шашылыш билдирүү!

Шашылыш эскертүү: нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт!!!

2015-жылдын 9-10-майында мезгили-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 2015-жылдын 9-10 майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Original url : www.maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...