Latest articles

Аяна КАСЫМОВА, ырчы: “Бир тепкич болсо да алдыга кадам таштадым”

Аяна КАСЫМОВА, ырчы: “Бир тепкич болсо да алдыга кадам таштадым”

Акыркы кездерде жаш таланттар чет өлкөлүк сынактарга катышып, ийгиликтерди багындырып жатканы сүйүнтөт. Ырчы Аяна Касымова жаш экенине карабай орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, ийгиликке жетишкен. Адегенде интернет аркылуу жаштардын арасында популярдуу болгон Аяна, Жолдошбек Мамажановдун “Сүрөтүңө” аттуу ыры менен улуу муундун да жүрөгүнөн түнөк таап отурат.

- Сенин ырчылык өнөрүӊө атаӊ менен апаӊдын кошкон салымы чоӊ болсо керек?

- Музыкага болгон кызыгуум бала кезимде эле башталган. Биздин үй-бүлөбүз да чыгармачыл адамдардын тобунан турат. Апам Карамолдо Орозов атындагы оркестрде комуздан сабак берет. Атам “Аура” тобунда эмгектенет. Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Менин чыгармачылыкка эрте аралашып калганымдын бирден-бир себеби- ата-энем да чыгармачыл адамдардан болгону го деп ойлойм. Эсимде, 3-4 жашымдан тарта “Ак шоола” деген топко барып баштагам. Ал жерден чыгармачыл эжекелерибиздин колунан бир топ таалим-тарбия алып чыктым. Мына ошентип акырындык менен чыгармачылыктын чыйыр жолуна аралаша баштагам.

- Ата-энеӊ экөө теӊ музыканттар болсо, сенин чыгармачылыгыӊа да кийлигишип турса керек?

– Атам бир ырды бышырмайынча кечке ырдата берет. 5-6 саат репетиция кыла берсеӊ, тажайсыӊ да. Кээде «Ата, эртеӊ уланталычы» деп жалкоолонуп кетем. Атам болсо «Жок, бүгүн бүтүрөбүз» деп туруп алат.

- Канча бир тууганың бар?

- Биз төрт адамдан турган чакан үй-бүлөбүз. Атам Айзар, апам Аида, иним Эйнар жана мен. Негизи биздин үй-бүлөбүздө бардыгы чыгармачыл адамдар дебедимби. Мен эле ырдабастан, иним Эйзар да ырга, бийге өтө жакын.

- Биз билгенден алгач англис тилиндеги ырларга басым жасачу элеӊ. Кийин кыргыз тилинде да ырдап чыга баштадыӊ. Англис тилинде ырдап жүрүп кыргыз ырларын ырдоо кыйынчылык жараткан жокпу?

- Жогоруда айтып кеткендей, музыкага болгон кызыгуум күч алгандан тартып эле англис тилинде ырдап келем. Бала кезде Селин Дион деген ырчынын ырлары мага өзгөчө таасир берип, аны туурап ырдай берчүмүн. Ошондон улам эс тартып калганда англис тилинде ырдап чыга келдим окшойт. Кийин тааныштарым, жакындарым “Жалаӊ англис тилиндеги ырларды ырдай бербей, кыргыз тилинде да ырдап көрбөйсүӊбү?” деп айтып калышты. Ошондон улам кыргыз тилиндеги чыгармаларды жаздырып, ырдап жатам. Кыргыз тилинде ырдоо мен үчүн эч кандай кыйынчылык жараткан жок, себеби бул менин эне тилим да. Кыргызча жакшы сүйлөйм. Үйдө деле, мектепте деле көбүнчө кыргыз тилинде сүйлөйм.

- Чыгармачылыгыӊдын аркасында кайсы өлкөлөргө бардыӊ? Кайсынысы сага өзгөчө таасир калтырды?

- Ооба, чыгармачылыгымдын аркасында Түркия, Орусия сыяктуу бир топ эле мамлекеттерге бардым. Ар бир шаар өзүнүн өзгөчөлүгү менен башка шаарлардан айырмаланып турат эмеспи. Мамлекеттин баардыгы бирдей деп айтууга мүмкүн эмес. Мисалы, кайсы бир мамлекеттин эли башкача, экинчи мамлекеттин атмосферасы башкача дегендей.

– Орусиянын “Россия” телеканалындагы «Артист» деген долбоорго катышып келдиӊ. Ал жерден кандай тажрыйба алдыӊ?

- Мен бул “Артист” долбооруна катышуу менен чыгармачылыгымда бир тепкич болсо да алдыга кадам таштап, өзүмө керектүү тажрыйба топтой алдым десем жаӊылышпайм. Албетте, сынакта күтүүсүз жагдайлар көп болду. Мисалы, финалда эреже боюнча 10 адам эки-экиден дуэт ырдашмак. Мен татарстандык Наиль деген катышуучу жигит менен ырдамакмын. Экөөбүз 8 сааттан репетиция кылып даярданып жаттык. Бирок сынак башталарга 2 саат калганда дуэт ырдоо номерин алып салып, жалгыздан ырдайсыӊар деп коюшту. Чынында даярдыгы жок жалгыз ырдоо кыйын болду. Бирок биз чыгармачыл адам болгондон кийин бардык жагдайга даяр турушубуз керек экен.

- “Сүрөтүңө” деген ырың өзгөчө популярдуу болуп кетпедиби, бул ырды кандайча ырдап калдың?

- Чынында бул ырды ырдап чыгам деп пландаган деле эмес элем. Атамдын досу өзүнүн апасы үчүн ушул ырды ырдап берүүмдү суранды. Апасы башка өлкөдө жашачу экен, анан туулган күнүнө белек катары ушул ырды мага ырдатып, видеого тартып, апасына жиберген. Ал аял бул ырды уккан сайын эле ыйлай берет, эмнеге экенин билбейм, балким, турмушунда ушул ырдагы окуяга байланыштуу учур болсо керек. Кийинчерээк “Эмнеге бул ырды социалдык тармактарга илгенге болбосун?” деп ойлоп көрдүк. Анан эле интернет колдонуучулардын арасында популярдуулукка ээ болду. Бул белгилүү обончу Жолдошбек Мамажановдун ыры экенин бардыгы билишет. Аранжировкасын Эмил Эген менен атам Назар Касымов жасады.

- Чыгармачылыгыӊдан жакын арада кандай жаӊылыктарды күтсөк болот?

- Учурда күйөрмандарым үчүн жаӊы ырларды жаздырып жаткан чагым. Андан сырткары жакын арада клип тарттырганы турам. Буюрса, жаӊы чыгармаларымдын бардыгы алдыда.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Original url : pk.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...