Latest articles

Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган 6238 киши катталган

Иммундук таңсыктык вирусу менен жашаган адамдардын улуттук форуму бүгүн Ак-Кеме мейманканасында өтөт. Бул тууралуу ВИЧ дартына чалдыккандардын биримдиги уюмунун жетекчиси Бурул Исаева билдирди.

Анын айтымында, форумда ВИЧ илдетине чалдыккандарды дары-дармек менен камсыздоо, азыркы абал жана дарылоонун жаңы түрлөрү талкууланат. Форумга республиканын бардык региондорунан жана Саламаттык сактоо министрлигинен өкүлдөр катышат.

Кыргызстанда азыркы кезде ВИЧ менен жашаган 6238 киши катталган. Бирок каттоодон өтпөгөнү көп экенин адистер белгилеп келишет.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...