Latest articles

“Кара далы” тасмасы жаштар арасындагы олуттуу маселени чагылдырган

Кыргыздын кооз жерлерин, жаратылышын чагылдырып, ошол эле учурда андагы элдин жашоосу туурасында көп тасмалар тартылууда. Мына ушул кино дүйнөсүнө өз салымын кошуп, ал тургай өзү тарткан тасмалары менен бир канча эл аралык фестивалдарга катышып байгелүү орундарды алып келе жаткан режиссёр Алижан Насиров эмгектери туурасында баяндап берди.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

Кыялга жетүү оңой эмес

Кыргыздарда мыкты режиссёр болуп туулбайт деп коюшат. Ошол себептүү бала чагыңан баштап эңсеген тилегиңе жетиш үчүн көптөгөн аракеттерди кылып, эмгектениш керек. Андан соң кыялыңда ким болгуң келсе сен ага жетесиң. Мен деле ушул адистикти аркалап кетиш үчүн Кыргыз - Түрк "Манас" Университетинин, Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн коммуникация факультетин окуп бүтүрдүм. Ал жактан көп нерсени окуп, үйрөнүп тажрыйба топтодум. Ал эми режиссёрлукту дипломдук ишиме тарткан “Кыштоо” аттуу даректүү тасма менен баштадым. Учурда Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз телефильмде режиссёр болуп иштеп келе жатам.

Жыйырмадан ашык сыйлыктар берилди

Тасмаларымдын арасынан жемиштүүсү жана мага көптөгөн байге алып келгени бул “Кыштоо” даректүү тасмасы. Анда топоз жана аларды баккан адамдардын жашоосу туурасында тартылган. Аталган фильм тартылгандан кийин бир канча эл аралык фестивалдардын сынагына жиберген элем. Жыйынтыгында бардык сынактан “Гран-При” сыйлыгына ээ болдум. Ал тургай “Лакарно” аттуу дүйнөдөгү эң чоң фестивалдардын бири болгон сынакта аталган сыйлыкты жана акчалай байгени беришкен. Мындан тышкары, бир ай бою тартылган кыска метраждуу “Суу” даректүү тасмасы да көптөгөн ийгиликтерди алып келди десем жаңылышпайм. Муну менен эле чектелбестен эл аралык фестивалдарда Германиянын, Франциянын дагы башка чет мамлекеттерден келген режиссёрлор менин эмгегимди баалашып, алар менен жакын дос болгонго да жетиштим. Ал тургай ушул убакка чейин колдорунан келген жардамдарын аяшпайт. Тактап айтканда, каражат жагынан демөөрчү болуп беришет.

Жаңы тасма

Учурда жаштар арасындагы олуттуу маселени козгой турган “Кара далы” деген жаңы тасманы немистер менен бирге тарттым. Тактап айтканда, Германиядан Кыргызстанга эс алып кеткени келген досум Битте Барановский мага жолуккан. Ага бир жылдан бери аталган тасманы каражат жоктугунан тарта албай жүргөнүмдү айтсам, ал дароо он күндүн ичинде бул маселени чечип берди. Мындан тышкары, ал мен тартып бүткөн тасманын 70 пайызын монтаждап жана өң-түстөрүнөн бери оңдоп берген, буга чоң акча кетмек. Ошентип анын жардамы менен “Кара далы” тасмасы тартылып калды. Учурда бул фильм элдин кызыгуусун жаратууда. Аталган тасманын кыскача мазмунуна токтоло кетсем, айылдагы кыздардын жашоосу чагылдырылган. Тактап айтканда, ал жакта кыздар 30-35 жашка чейин ар кандай себептерге байланыштуу убагында турмушка чыкпай калышат, аянычтуусу алар айласы жок жетимиш, сексен жаштагы картайган адамдарга турмушка чыкканга туура келет. Анын сыңарындай тасмада бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы туурасында тартылган. Кыз дудук болгондуктан өз убагында турмушка чыга албай калат. Кийин атасы каза болгондо энеси жашы өтүп бара жаткан кызын жалгыз калбасын деп өзүнөн бир топ улуу адамга күйөөгө берет.

Актёрлор жашоодогу адамдар

Өзүм Чоң-Алайдан болгондуктан ал жактагы жашаган жашоочуларын ар бирин жакшы билем. Ошондуктан тасманын сценарийин жазып жатканда эле анда катыша турган каармандардын ролун аткара алууга айылдашымды элестетип коём. Себеби, алар жашоодо кандай адам болсо тасмада да ошондой роль болгондуктан так өзүндөй кылып аткарып беришет. Ошентсе дагы аларга актёрлукту үйрөтүү үчүн алдын ала бир аз убакыт кетет. Ал эми алар үчүн өзүнүн турмушун кайрадан ойноп бергендиктен актриса же актёр болуу кыйынчылыкты жаратпайт. Андыктан тасмага тартылган адамдар кесипкөй актёрлор эмес жергиликтүү адамдар.

Учурда даректүү тасма тартып жатам

Азыркы тапта 1937-жылдагы репрессия туурасында эки айдан бери тасма тартып жатам. Менин баамым боюнча дагы бир беш-алты айдан кийин толугу менен тартып бүтөм. Анда кыргын, “Ата Бейитте” көмүлгөн аталар жөнүндө баяндалат.

2014-жылы болсо “Токол” аттуу жаңы тасма тартканы турам. Бул фильмди француздар менен тарталы деп жатабыз. Тактап айтканда, Чарлиз Павин аттуу француз режиссёр каражат жагынан жардам бермей болду. Андыктан учурда биз тасманы 2 саатка созулган толук мертаждуу фильм болот го деген ойдобуз.

07.06.2013

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...