Latest articles

Руслан Сыдык уулу: “19 жыл бою комуз илимин үйрөндүм”

Комуз - бул кыргыз элинин байыртадан келе жаткан үч кылдуу аспабы. Аны ар кандай уккулуктуу күүгө салып чертүү кыргыздын кесиптик өнөрү десек да жаңылышпайбыз. Мына ушул ата-бабадан калган комуз күүлөрүн чертип, ал тургай аны учурдагы муунга үйрөтүп келе жаткан Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыз эл аспаптар кафедрасынын башчысы, “Хан-Теңири” ансамблинин жетекчиси, комузчу Руслан Сыдык уулу кыргыз маданиятына кандай салымдарын кошуп келе жатканы туурасында баяндап берди.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

Муундан-муунга өткөн талант

Өзүм Нарын шаарындагы Тынымсейит уруусунан болгондуктан беш жашыман баштап күү черткенди өздөштүргөн экенмин. Себеби, биздин уруудан белгилүү чоң-чоң залкар комузчулар чыгыптыр. Алар: Абдырахман Жумабаев, Актан Тыныбеков жана башка чоң аталарым. Мына ошентип бул талантты Жараткан мага да бериптир. Аны мындан ары өркүндөтүп кетиш үчүн алгач музыкалык мектепте окуп жүрдүм, ал жерден комуздун күүлөрүн жана аны ар кандай кылып чертүүнү үйрөндүм. Кийин музыкалык окуу жайдын домбра жана орус эл аспаптар факультетинде окуп аны аяктадым. Андан соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, окуумду ийгиликтүү бүтүрдүм. Муну менен эле токтоп калбастан аспирантураны дагы окуп бүтүргөнгө үлгүрдүм. Ойлонуп көрсөм 19 жыл бою музыканын, комуздун илимин үйрөнүп келиптирмин.

Алгачкы отчёттук концерт

Ушул жылдын март айынын аягында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда алгачкы жолу өзүмдүн жеке отчёттук концертимди бердим. Концерт аншлаг менен өттү. Тактап айтканда, көптөн бери мындай концерттер уюштурулбагангабы, элибиз кыргыз күүлөрүнө суусап тургандай зал ичине толо келишти, ал тургай батпай калды десем жаңылышпайм.

Ийгилик коштоп келет

Комузду жеткизе чертип ойногондуктан 2-класстан баштап эле ар кандай сынактарга катышып, 1-орундарды алып келгем. Кийин бой жетип чоң окуу жайда окуп жүргөндө да бир топ сынактарга катыштым. Окуумду аяктаган соң “Ак-Марал”, “Саамал”, “Ордо-сахна” аттуу ар кандай фольклордук этнографиялык ансамблдерде да иштей баштадым. Аталган ансамблдер менен дүйнөдөгү фестивалдарга да катыштым. Мен бир нерсени белгилей кетким келет. Мына ушундай эл аралык чоң-чоң сынактарда ушул убакка чейин жер жүзүнөн келген чет элдиктердин аспабы комуздай алдыга чыгып көргөн эмес. Комуз менен кыргыздын күүлөрүн черткенде ал жактагы калыстар бериле угуп, жогорку упайларды берип келишет.

Устасынан шакирти ашыптыр

Бир жыл мурун 15 студенттен турган “Хан-Теңири” аттуу ансамблди түзгөн элем. Учурда бул шакирттерим көп нерсени үйрөнүп, ал тургай эл аралык фестивалдарга да катышып жатышат. Мындан тышкары, беш комузчу баладан турган “Жаш кербез” деген аталышта жаңы топ түзүп койдум. Бул шакирттерим да абдан таланттуу. Ошондой эле Закир Дүйшөнбек уулу, Чыңгыз Кубат уулу, Улукбек Эркалиев деген окуучуларым менден калышпай күү чертип, элге таанылып калды.

Мен чыгарган күүлөр

1996-жылы биринчи жолу кичине иниме арнап “Эрке-сары” аттуу күү чыгаргам. Бул күү комузда да, оркестрде да ойноло берет. Андан соң “Ак-таноо” деген күүмдү таятама чыгарган элем. Мында бир комузда гана чертилет. Ошентип отуруп “Ал-бурак”, “Ак-куу” жана башка көптөгөн күүлөрдү жаздым. Муну менен эле токтоп калбастан учурда деле күү жазып жүрөм. Мен өзүмдү жазуучудай эле сезем. Себеби жазуучу өзүнүн бир чыгармасын жазар алдында “калемин таппай ызы-чуу болот дегендей” мага дагы илхам келгенде комузумду таппай изденип жатып күүлөрдү чыгарам деп айтар элем.

Алдыдагы максаттар

Быйыл күзүндө буюрса Бишкек шаарында өзүм түзгөн ансамблдин концертин уюштурганы жатабыз. Андан соң Казакстанда өтчү комузчулар сынагына шакирттерим даярданууда. Мындан тышкары, учурда эл аралык фестивалдардан абдан көп чакыруулар келип жатат. Ал жакка баргандан арга жок баш тартып жатам. Себеби, ага өзүмдүн ансамблим азырынча даяр эмес. Менин баамымда “Хан-Теңири” ансамблин бир эки жыл жакшылап даярдап туруп, анан гана барсак болот. Себеби, сынакка жакшы даярдык менен барган комузчулар ар дайым алдыңкы байгелерди алып келишет.

14.06.2013

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...