Latest articles

Ошто футбол академиясы ачылат

Ошто футбол академиясы ачылат

Ош шаарында футбол академиясынын ачылышы пландалып жатат. Бул тууралуу “Марал” радиосуна футбол федерациясынын башкы катчысы Асылбек Кадралиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда футбол академиясын ачуу үчүн 1 млн доллар каржы каралган. Академия заманбап усулда курулат. Кичи жана чоң футбол талаалары баардык талаптарга жооп берерлик болот.

“Академия үчүн 6 гектар жер керек. Учурда бул маселе боюнча облус жана шаар жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары имаратта 60 адамга ылайыкташкан жатакана жана бассейн каралган”,- дейт Футбол федерациясынын вице-президенти Гуламжан Анарбаев.

Кошумчалай кетсек, футбол академиясынын курулуш иштери сентябрь айында башталып, 3 айдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...