Latest articles

Кадамжайдын Кайтпас айылына Өзбекстандан суу бериле баштады

Кадамжайдын Кайтпас айылына Өзбекстандан суу бериле баштады

Кыргыз-Өзбек чегиндеги суу маселеси чечилип, Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак аймагындагы Кайтпас айылына Өзбек тараптан суу бериле баштады. Сох-Шахмардан каналы аркылуу кыргыз тарапка суунун жетпей калышынын себеби, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн дарыядагы суу азайып кеткен. Суу каналынын башы Өзбекстанда болгондуктан, алар өз жерлерин сугарып, Кыргызстанга суу берүүнү токтотуп коюшкан. Баткендин Кадамжай районуна келүүчү СШК каналы 14-18-июлга чейин буулуп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин суу келе баштаган.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусу Кыргызстандагы суу жетишсиз регион болуп саналат. Учурда Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2011-2015-жылдарга бекитилген программасынын негизинде Кадамжай районунда Кара-Кыштак каналы жана Бүргөндү массивинде 95 км. ички чарба каналы курулууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...