Latest articles

Ырчы Мыктыбек Нурланбеков Румынияда өткөн эл аралык конкурста баш байгени утуп алды

Ырчы Мыктыбек Нурланбеков Румынияда өткөн эл аралык конкурста баш байгени утуп алды

Кыргызстандык ырчы Мыктыбек Нурланбеков Румынияда өткөн эл аралык конкурста баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу ал өзү «Марал» радиосуна билдирди. Маалыматка ылайык, конкурс аталган өлкөнүн Пиатра Ниамц шаарында өтүп, ага жалпысынан Украина, Франция, Молдова, Кыргызстан, Румыния өлкөлөрүнүн атынан 50дөй ырчы катышкан. Атай Огомбаевдин “Эсимде” ыры менен баш байгени багындырган Мыктыбек Нурланбеков Украина, Болгария өлкөлөрүндө өтө турган дүйнөлүк конкурска катышууга жолдомо алды. Ошондой эле эми анын аткаруусундагы ыр Румыния радиосу аркылуу жергиликтүүлөргө уктурулат. Аталган конкурста Кыргызстандын атынан бир эле катышуучу болгон.

Кошумчалай кетсек, Мыктыбек Нурланбеков буга чейин да бир канча эл аралык конкурстарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...