Latest articles

Моюн шакыйы

Адатта аз кыймылдаган адамдар омурткада пайда болуучу ар кандай оорулардан кур калышпайт. Учурда кесибине байланыштуу көбүнесе отуруп иштегендер моюн шакыйы менен көбүрөөк жапа чегишүүдө. Төмөндө бул дарт тууралуу түшүндүрмө берүү менен бир канча пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.

Моюн шакыйы – омуртканын моюн бөлүмүндөгү денегенаративдүү- дистрофиялык өзгөрүүлөр менен байланышкан оору. Белгилүү болгондой моюнда адамдын денесин баш мээ менен байланыштырган чакан маанилүү “коммуникациялар” жайгашкан. Буга байланыштуу омуртканын бул бөлүгүндө бош мейкиндик абдан аз жана абдан аялуу – нерв стволдору жана мээни азыктандырган кан тамырдын кыпчылып калуусу өтө оңой.

Бири бирине жакын жайгашкан омурткалар жылышып кеткенде кичине эле күч келе турган болсо артериялык кан тамырларга кысым башталат. Кыпчылып калган артерия мээге берилүүчү кандын көлөмүн азайтат, анын жыйынтыгында оорулууда тое тамак жебеген көрүнүштө көрүүнүн начарлоосу, теңселүү, угуунун начарлоосу, кулактын чуулдашы, башты төмөн ийгендеги ыңгайсыздык жана ал гана эмес эстен тануу сыяктуу симптомдор пайда болот.

ДАРЫЛООЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР:

• Моюн шакыйы төшөккө жатууну талап кылбаса дагы физикалык активдүүлүктү чектөөгө муктаж. Дарылануу учурунда моюнду туура абалда Шанц ортопедиялык жакасы менен карматып жана оорута турган кыймылдардан коргоо сунушталат. Бейтаптын абалына жараша аны суткасына 10-15 мүнөттөн 3 саатка чейин тагынышат.

• Корсет – убактылуу чара экендигин эске алыңыз: моюндун булчуңдарын сөзсүз бекемдешиңиз керек. Төмөндө келтирилген көнүгүүлөрдү күн сайын 3-4 жолу кайталоого болот:

1. Стулдун жөлөнгүчүнө жүзүңүздү каратып олтуруп, чыканактан бүгүлгөн колдор жана манжалар менен ийинге карай 5тен 10 жолуга чейин айландырыңыз.

2. Стулга отуруп колдорду баштын артына кайчылаштырып жана дем тартуу менен чыканакты артка, ал эми дем чыгарганда алдыга алып келиңиз. 3-10 жолу кайталоо зарыл.

3. Түз туруп, буттардын ийиндин кеңдигинде коюп, колду белге таянат. Бүткүл дене менен солго жана оңго жай кыймыл жасагыла, ар тарапка 4-5 жолу. Дем алуу эркин.

4. Стулга отуруп жана дем тартканда колдорду өйдө көтөрүп, дем чыгарганда аларды бир аз алдыга эңкейүү менен төмөн түшүргүлө (башты түшүрбөгүлө жана алдыны түз карагыла). 5-10 жолу кайталайт.

5. Буттарды ийиндин кеңдигинде коюп, колдорду белге таянуу менен башты акырын солго жана оңго бургула, аны ийиндерге эңкейтип – ар бир тарапка 4-5 жолу жасагыла. Эркин дем алгыла.

6. Стулга отуруп жана демди ичте кармабастан колдорду белге таянуу менен ар бир тарапка башты 2-3 жолу айландыргыла. Муну менен моюндун булчуңдарын тартууга жетишсе болот. Кыймылдын багытын алмаштырууда 5-10 секундга токтоңуз. Айландыруунун санын акырындап көбөйтүңүз. Эгерде сизде жүрөгүңүз тез-тез согуп жана башыңыз айлана баштаса бул көнүгүүнү токтотуңуз.

7. Ар бир жолу тизелерди жогору көтөрүү менен ордунда басуу. Эркин дем алыңыз.

8. Буттарды ийиндин кеңдигинде коюп, колдорду өйдө көтөргөндө дем тартып, төмөн түшүргөндө дем чыгарыңыз. Буттун башына отуруу менен эс алыңыз. 5-10 жолу кайталаңыз.

9. Көнүгүүлөрдүн комплексин аяктап, өзүңүздү укалаңыз: моюн жана желкени төмөндөн жогору сылоо, ушалоо жана жумшартуу, ошол эле учурда ийин жана моюнга айландыруучу кыймылдарды жасоо.

10. Сыналгы көрүп отурганда сол ийинге, далыга, омурткага соккуларды акырындап күчөтүү менен өзүңүздү үбөлүк менен чапкылаңыз; андан кийин ушул эле нерсени оң жактан баштаңыз.

11. Полго жатып үбөлүктүн үстүнөн өйдө-төмөн 50 жолу сүрүлүү керек.

Моюн шакыйындагы элдик дарылоонун ыкмалары

ЖЫЛЫТУУЧУ КОМПРЕССТЕР

• Калыбына келтирүү мезгилинде булчуңдарда узакка созулган тырышуу пайда болгондо жылытуучу компресстер сунушталат. Кайыңдын жана теректин майдаланган бүчүрүнөн, жалбыз чөптөрү жана каакымдын тамырынан турган аралашмадан теңме-тең алып, жарым стакан кайнак суу куюп, жай отто беш мүнөт аралаштырып кайнатат. Даярдалган аралашманы каймак май жана өсүмдүк майына (3 аш кашыктан) аралаштырат. Муздатып жана аны муздаткычта сактагыла. Аны ооруган жерге сыйпап, жылуу таңып койгула. Процедураны күнүнө 3-4 жолу 5 күн катары менен кайталагыла.

• Омуртканын кемирчектерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында күн сайын чай чөп (зверобой) майын сүртүү зарыл. Аны даярдоо үчүн жарым литр өсүмдүк майын (чычырканак майы баарынан жакшы) жана 150 г чай чөп майын аралаштырат. Аны суу мончосуна салып жана жарым саат табына жеткирет. Ошол эле идиште дагы үч күнгө калтырат. Бул каражатты муздаткычта сактайт, колдоноордун алдында жылытып алуу абзел.

• Ийин жана моюндун ооруган жерлерине коюлган калемпир пластыры, пластырдын кесиндилери менен “калемпирден ийне саюулар” дагы жакшы каражат. Бул чарчы кесиндилерди 3-7 күн кармагыла, эгерде өтө катуу ачыштыра турган болсо алып салып, сезгенген терини вазелин менен майлоо зарыл.

• Туура зат алмашууну калыбына келтирүү максатында организмди микроэлементтер менен камсыздагыла. Сиздин тамактануу рационуңуз орточо калориялуу продукцияны камтышы керек, аз-аздан, бирок тез-тезден тамактануу менен туздун, ачуу тамактын, суюктук, кызыл чай жана кофенин көлөмүн азайткыла.

• Столдо отурганда же сыналгынын алдында отурганда бүкүрөйүп отурган зыяндуу адатыңыздан кутулуңуз. Сумканы бир эле ийинге асынып жүрө бербеңиз.

Согончоктогу жарылган жерлерди дарылоо

• Уктаардын алдында бутту жылуу сууда кара май (“дегтярное мыло”) самыны менен жууп алат. Сүлгү менен кургата сүртүп жана согончоктун терисине киргизүү менен жакшылап солидол сүртөт. Буттарга полиэтилен пакетин кийип, анын үстүнөн жүндөн токулган байпак кийет. Эртең менен ойгонгон соң согончокту салфетка же чүпүрөк менен сүртүп тазалайт. Эгерде сиз эч жакка барбасаңыз кечке чейин калтырса болот, кечинде буттарды жогорудагыдай кылып жууп, процедураларды кайталайсыз. Жеңил учурларында сиз согончоктогу жараңкадан 3-4 күндө, ал эми күчөп кеткен учурунда 10 күндө кутула аласыз.

• Согончокторго пиязды майдалап сүткө кошуп компресс коет. Болбосо пиязды экиге бөлүп, аны бир сутка уксуска чылап коет. Пиязды алып чыгып аны күнүнө эки жолу согончоктогу жараңка болгон жерлерге коет.

• Лимон ширесин жана сүргүчтөн өткөрүлгөн картошканы аралаштырып согончокко компресс катары коет. Аны ар бир эки саат сайын алмаштырып туруу менен жараңка сонун айыгып кетет.

• Сүттө кара өрүктүн бир канча мөмөсүн кайнатып жана ысык боюнча согончокко жарым саатка коет. Кийин аны жылуу менен жууп салат.

06.09.13

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...