Latest articles

Көк бөрү: Кыргызстан 2:4 эсебинде Казакстандан жеңилди

Көк бөрү: Кыргызстан 2:4 эсебинде Казакстандан жеңилди

Казакстандын Астана шаарынын “Казанат” ипподромунда 15-сентябрда көк бөрү боюнча Азиянын ачык биринчилиги аяктады. Финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешти. Жыйынтыгында коңшу өлкөнүн командасы Кыргызстандыктарды 4:2 эсебинде утуп алды. Казакстандык калыстар күнөө таап чыктыбы, айтор Кыргызстандык Рустам Тыналиев оюндан четтетилди. Антсе да, кыргыз көк бөрүчүлөрү жооп кылып, 2 жолу тай казанга улак ташташкан. Бирок тыныгууга жарым мүнөт калган мезгилде Казакстандык Темирхан Айтбаев 4:2 эсебинде командасын алдыга сүйрөп чыга алган. Көк бөрүчүлөр эмес, калыстардын жеңиши менен аяктаган азия чемпионатынын финалында Кыргызстан курама командасы күмүш байгени тагынышты. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борборунун президенти Алмаз Касенов билдирди.

Ал эми коло байге үчүн болгон тиреште Тажикстан курама жааты Кытай тарапты 3-0 эсебинде жеңип алды. Азия биринчилигинин уюштуруучулары 1-орунга 75 миң АКШ долларын, 2-орунга 45 миң, 3-орунга 35 миң доллар тапшырышты. Соңунда келерки Азия чемпионаты Түркия мамлекетинде 2015-жылы өтө турган болду.

Эскерте кетсек, Азия биринчилиги 10-15-сентябрда өткөн.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...