Latest articles

Каныбек Осмоналиевге КРнын Баатыры наамын ыйгаруу сунушталды

Парламент депутаты Майрамкүл Тиленчиева белгилүү спортчу Каныбек Осмоналиевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарууну сунуштады. Ал мындай оюн Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында айтты. “К.Осмоналиев өз кезегинде дүйнө деңгээлинде чоң ийгиликтерди жаратууда кыргыз жаштарына зор дем, шык берген. Аны менен катар канча жылдар бою машыктыруучулук ишмердүүлүгүн аткарып келет. Ошондуктан К.Осмоналиевге наам ыйгарууну сунуш кылам. Бул боюнча парламенттин атынан президентке кайрылсак болоор эле”, - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, К.Осмоналиев 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 52 килограмм салмак боюнча алтын медалга ээ болгон.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

22.11.2013

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...