Latest articles

Талас шаарында 8-класстын окуучусу көз жарды

Талас шаарында 8-класстын окуучусу көз жарды

Талас шаарында 8-класстын окуучусу көз жарды. Ата-энеси кызынын боюнда бар экенинен кабардар болгон эмес. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады. Бул маалыматты шаардык билим берүү бөлүмү да тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуучу шаардагы мектептердин биринде 8-класста окуган. Анын боюнда бар экенин эч ким билген эмес. Ошол күнү кечкисин кыз ичи ооруп жатканын айткан. Ата-энеси аны ооруканага алып барышкан.

Ал эми ага карата мүнөздөмө берген мектептин мугалимдери, жакшы окуганын, акыркы күндөргө чейин дене-тарбия сабагынан башкасына толук катышканын айтышууда.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...