Latest articles

Ысык-Көл: Кардан өлгөн малдын чыгымы 18 млн сомго жетти

Ысык-Көл: Кардан өлгөн малдын чыгымы 18 млн сомго жетти

2018-жылдын 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Гүл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 баш кой, 1 жылкы өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жалпы 1 жылкы, 7 уй, 240 баш кой өлгөн. Район боюнча материалдык чыгым алдын ала 1 387 013 сом деп эсептелди.

Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда 1 кулун, 1 музоо, 5 кой, Кереге-Таш айыл аймагынын Кызыл-Кыя жайлоосунда 1 жылкы, 2 кулун, 2 музоо, 71 кой, Ак-Чий айыл аймагынын Тасманын-Бели жана Ак-Сай жайлоолорунда 1 кулун, 1 музоо, 56 кой, Челпек айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 2 жылкы, Каракол айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 7 кой өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жалпы 3 жылкы, 4 кулун, 4 музоо, 139 баш кой өлгөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 1 067 000 сом деп эсептелди.

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жалпы 32 жылкы, 38 уй, 2008 кой өлгөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 15 269 000 сом деп эсептелди.

Ал эми Түп районунда калың жааган кардын кесепетинен Сан-Таш айыл аймагынын Каркыра жайлоосунда 59 баш кой өлгөн. Район боюнча материалдык чыгым алдын ала 230 200 сом деп эсептелди.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча алдын ала маалымат менен 36 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо жана 2446 баш кой өлгөн. Жалпы материалдык чыгым алдын ала 17 746 213 сом болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...