Latest articles

Ош базарына жаңы соода түйүн курулуп баштады

Ош базарына жаңы соода түйүн курулуп баштады

Бишкек шаарында жайгашкан «Ош базарында» жаңы соода түйүнүнө курулуш иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы объект буга чейин күйүп кеткен «Берекет» базарынын ордуна курулат. Учурда курулуш үчүн жерди даярдоо, казуу иштери башталды. Буга чейин Сейсмология институту экспертиза жүргүзүп, пайдубалдары да жарактан чыкканын аныктаган. Жаңы объект мүмкүн болушунча кыска убакыт аралыгында курулуп бүткөрүлөт. Андан кийин өрттөн жабыркаган соодагерлер орундар менен жеңилдетилген негизде камсыздалат. 6 айга чейин алар соода үчүн орундуктарга акы төлөшпөйт.

Эске салсак, 13-апрелде «Ош базарындагы» «Берекет» соода түйүнүнөн түнкү саат 3тө өрт чыккан. Натыйжада базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Ал эми 24-апрелде «Ош базарындагы» «Берекет» соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынган.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...