Latest articles

7 айда Талас облусунун тышкы соода жүгүртүүсү 1 млрд 54,7 млн сомду түздү

2014-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун тышкы соода жүгүртүүсү 1 млрд 54,7млн сомду түздү. Бул туурасында Экономика министрлигинин Түндүк аймактык башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнүн башкы адиси Буланбек Самсиев билдирди.

Алдыңкы жылга салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 74,0 пайызга өскөн. Таласка келген импорттун негизин машиналар, күйүүчү жана майлоочу май, химия өнөр жайынын продукциялары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар түзөт. Ал эми Талас облусу экспортко негизинен төө буурчакты, жашылча-жемиштерди, мал жана мал чарбасынан алынган азык түлүктөрдү жөнөтөт. Түркия, Болгария, Босния, Грузия, Македония, Россия, Казакстан, Азербайжан, Польша Сербия жана Черногория Талас облусунун негизги өнөктөштөрү болуп калды.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...