Latest articles

Автомашиналарды уурдоо менен алектенген топ кармалд

КРнын ИИМ Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы автомшиналарды уурдоо менен алектенген топту кармады. Ошондой эле ал кылмыштарга тиешеси бар УКТ мүчөсү да колго түштү. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, быйыл апрель айынын соңунда Октябрь РИИБне борбор калаанын жашоочусу кайрылып, «БМВ-750» маркасындагы автомашинасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин билдирген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси бар экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан алардын экөөсү кармалган.

Август айынын соңунда бул кылмышка шектүү катары төмөндөгү жарандар кармалган:

- Э.Б. 1981-жылы туулган, Талас облусунун Бишкекте жашап жаткан УКТ мүчөсү болуп саналган жараны;

- С. К. 1984-жылы туулган, Талас облусунун жараны.

Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...