Latest articles

Кадамжайда 17 адам ВИЧке чалдыккан

Кадамжайда 17 адам ВИЧке чалдыккан

2012-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясы менен 4532 жаран катталган. Жылдан-жылга ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Кадамжай райондук санэпидкөзөмөл борборунун врач эпидемиологу С.Ашымованын маалыматына ылайык Кадамжай районунда 17 адам ВИЧ оорусуна чалдыккан. Алардын канчасы, бул ооруну өспүрүм кезинде жугузуп алгандыгын аныктоо кыйын. Алардын көпчүлүгү СПИД жөнүндө угушкан да эмес. Ошондуктан алар өздөрүнүн ал оорудан сактай алышкан эместигин айтып өттү.

Ал эми Баткен районунда 4 учуру, Лейлек районунда 3 учуру, Сүлүктү шаарында 3 учуру катталган.

Азамат Абсаттаров

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...