Latest articles

Түп райондук администрация башчысы мамлекетке 495000 сом зыян келтирген-деп айыпталууда

Ысык-Көл облусттук прокуратурасы тарабынан Түп райондук мамадминистрациясынын башчысына карата ( Ак-Булак айыл округунун мурдагы башчысы) жана башка жооптуу кызмат өкүлдөрү мамлекетке зыян келтирген деп айыпталып, кылмыш иши козголду. Бул туурасындагы маалыматы Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Алардын маалыматы боюнча жогоруда аталган жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып Күрмөнтү орто мектебине тиешелүү курулуш жүргүзүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген курулуш уюму менен чыгым алып келүүчү келишим түзүшүп мамлекеттин бюджетине 495000 сом зыян келтиришкен- деп айыпталышууда.

Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...