Latest articles

Ошто СПИДге каршы күрөшүү боюнча ЖМКлар арасында сынак жарыяланды

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети 1-декабрь «Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин арасында ВИЧ-СПИДтин зыяндуулугун чагылдырган фото-видеороликтерди даярдоо боюнча сынак жарыялады. Ага шаардагы ЖМКнын 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы кызматкерлери катыша алышат. Ушул жылдын 5-ноябрь күнү саат 15:00гө сынакка катышууну билдирип, ал эми 25-ноябрь күнү саат 15:00гө даяр фото-видеороликтерди расмий түрдө тапшыруу зарыл.

Иш-чаранын катышуучуларына калыстар тобунун чечими менен «Мыкты видеоролик» жана «Мыкты фото» наамы боюнча атайын орундар ыйгарылат. Мындан сырткары жигердүү катышуучуларга дипломдор жана баалуу белектер берилет.

Сынак 1-декабрь күнү жыйынтыкталаарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...