Latest articles

Кыргызстан Интернетке кирүү эркиндиги боюнча дүйнөдө 34-орунда

Кыргызстан Интернетке кирүү эркиндиги боюнча дүйнөдө 34-орунда. Мындай маалыматты бүгүн, 10-декабрда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султанов Борборазиялык интернет-симпозиумунда билдирди.

Мындай конференция биринчи жолу өтүп жатат. Иш-чара онлайн-эфирде болгондуктан ар бир каалоочу Интернет режимден аны көрө алат.

Султанов Кыргызстандын "билим экономикасын" өнүктүрүш үчүн баардык шарттары бар экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Freedom House уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан Интернетке кирүү эркиндиги боюнча дүйнөдө 34-орунда, ал эми Интернет ылдамдыгы боюнча 71-орунда турат.

"Ал эми мобилдик Интернет жаатына келе турган болсок, бизде Борбор Азияда эң кымбат интернет. Ошол эле маалда кымбат болгондугуна карабай жай ылдамдыктагы Интернет",-дейт Султанов.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...