Акыркы макалалар

Таласта 2 жылдан бери каза болгон адамдарга пенсия төлөнүп келген

Талас райондук социалдык фондунун жана райондук почтанын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы ачыкталды. Бул тууралуу Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2012-2014-жылдар аралыгында Талас райондук социалдык фонддун пенсия төлөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистери С.И., С.Г. жана "Кыргыз почтасы" ишканасынын Талас райондук филиалынын кызматкери А.Т. пайда көрүү максатында өз ара сүйлөшүп алышып, каза тапкан адамдар үчүн пенсия алып келишкен. Анда, 2012-жылдын 6-июнунда каза тапкан Бейшенбек Атабековго 2014-жылдын сентябрь айына чейин 106 миң сом пенсия чегерилген. Мындан сырткары, 2013-жылдын 13-февралында каза болгон Болот Жолдошбековдун өлүмүн жашырышып, анын пенсиясы үчүн деп 116 миң сом акча каражатын алышкан. Мунун кесепетинен мамлекетке ири суммадагы зыян келтирилген. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...