Акыркы макалалар

Бизнес форум - көптү үмүттөндүрөт

Бизнес форум - көптү үмүттөндүрөт

12-декабрда Түркия, Орусия, Казакстан, Жапония жана башка өлкөлөрдө иш алып барган кыргызстандык ишкерлер Түркиянын Стамбул шаарында 3-дүйнөлүк форумга чогулушту. Анда Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки ишкерлердин абалы, Бажы биримдигинин ишкерликке берүүчү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Кыргыз Республикасынын Түркия, Македония, Албания мамлекеттериндеги толук жана ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, ишкерлердин бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна жана инвестиция тартууга мындай жыйналыштар чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Аталган иш-чарада Бажы биримдиги кызуу талкуу жаратты. Кыргыз ишкерлеринин Кытайдагы өкүлү Тыныбек Жукешовдун пикиринде, Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан өз товарларын эксперт кыла алса оң натыйжа болот. Бирок мамлекетти өнүктүрүү үчүн сөзсүз түрдө Бажы биримдигине кирүү зарыл эмес. Маселен, Туркиянын деле өнүгүү моделинин негизинде Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырса болот. Ишкерлер үчүн да мүмкүнчүлүк түзүлөт деп толук айтууга болбойт. Анткени Кыргызстанга кирген импорттун өзү кымбат болууда. Ири көлөмдөгү продукциялар чыгарылып, экспорттолгон учурда гана Бажы биримдигинин оң жагы көрүнөт.

Деген менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Кыргызстан толук түрдө Бажы биримдигине кирет. Бул Кыргызстандын дүйнө жүзү менен соода кылып жатканын айгинелейт. Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтымында, Кыргыз Өкмөтү чет жакта иштеген ишкерлерге аудитория түзүп, Кыргызстан менен иш алып баруусун камсыздашы зарыл. Канча жылдан бери уланып келген соода мамилелерди басаңдатпоосу керек.

Айрым адистер бир топ өлкөнүн ишкерлери ушундай форумга чогулганда бүтпөгөн маселе Бажы биримдигин талкуулоонун зарылчылыгы жок дешет. Анткени 3 жылдан бери уюштурулуп жаткан бизнес форумда түрк ишкерлери Кыргызстандын инвестициялык климаты менен таанышып, оң таасирде калышы керек. Кыргызстан достук жана маданият коому бул үчүн чоң өбөлгө түзүп келишет. Аталган коомдун төрагасынын жардамчысы Максат Кошоевдин пикиринде, аталган иш-чаранын жемиши жакынкы жылдарда болбосо да келечекте байкалат.

Натыйжада Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда товар жүгүртүү 420 миллион долларды түзөөрү маалым болду. Аны 1 миллиардка жогорулатуу макулдугу түзүлдү. Адистердин пикиринде, Бажы биримдигине кирүү менен бул максат реалдуу көрүнүшкө айланат.

Кошумчалай кетсек, аталган форумга расмий бийликтен премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчи орун басары Мукай Кадыркулов, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева, Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков катышышты.

Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому, Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Кыргызстан менен Түркиянын соода-өнөр жай палаталары тарабынан уюштурулду. 2016-жылы форумдун Кыргызстанда өтүүсү күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...