Акыркы макалалар

Маркумдарга пенсия чегерүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов билдирди.

Анын айтымында, райондук социалдык фондунун жана райондук почтанын кызматкерлери мындай жол менен мамлекетке 291 миң сом зыян келтиришкен.

Райондук Социалдык фонддун жетекчиси Баратбек Сыдыкназаров бул фактыны сентябрь айында өздөрү аныктап, ушул тапта аудиттик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Алар буга чейин укук коргоо органдары тарабынан расмий текшерүү болбогондугун, кылмыш иши кандай негизде козголгону тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалады. Таласта жалпысынан 12 миң пенсионер бар.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...