Акыркы макалалар

Быйыл Кыргызстанда 14 тоннадан ашык баңгизат кармалды

Быйыл Кыргызстанда 14 тоннадан ашык баңгизат кармалды

Кыргызстанга ар кандай жолдор менен агылып келген баңгизаттар, учурда каттоодо турган жана баңгизат колдонгон жарандардын саны ошондой эле өлкөдө баңгизатка каршы жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында бүгүнкү программабызда кеңири сөз кылдык.

Суроолорубузга КРнын баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Алымкулов Кубанычбек Нуркалиевич,

Тергөө башкармалыгынын башчысы Сүйүнбаев Бактыбек Илиязович,

Эл аралык кызматташтык боюнча байланыш башкармалыгынын башчысы Мадияров Тимур Мысырович жооп беришти.

-КРнын баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын аткарган иштери туурасында кеңири маалымат берип өтсөңүздөр?

Кубанычбек Алымкулов: "Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы өлкө аймагында катталган баңгизаттарды аныктоо жана ачыкка чыгаруу жана ага каршы күрөш болуп саналат. Быйылкы жылдын 11 айында баңгизат боюнча 304 кылмыш иштин бети ачылды. 4 тоннадан ашык баңгизаттар алынды. Анын ичинде апийим, героин жана башка баңгизаттын түрлөрү бар".

-Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын ыйгарым укуктары толук кандуу десек болобу же айрым чектөөлөр, тоскоолдуктар барбы?

Бактыбек Сүйүнбаев: "Биз КРнын баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кабыл алган мыйзамдардын чегинде иш алып барабыз. Бул кызмат 2010-жылы президенттин буйругу менен бекиген. Өзүбүздүн мыйзамдарыбыз, жоболорубуз бар. Ошолордун негизинде иштеп келе жатабыз. Өлкө аймагындагы баңгизаттар боюнча иш алып барууга биз биринчиден милдеттүүбүз жана толук ыйгарым укуктарыбыз дагы бар десек болот. Ооганстандан Тажикстан аркылуу Кыргызстанга келет. Талас, Ысык-Көл областында дагы кара куурай өсүмдүктөрү өсөт. Ошолорду жок кылуу боюнча мыйзам жүзүндө бизге толук укук берилген. Ички иштер министрлиги, Бажы кызматы, Башкы прокуратура кызматтары жана башка министрликтер, эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып барабыз".

-Өлкө боюнча каттоодо турган баңгизат колдонуучулардын саны канча?

Бактыбек Сүйүнбаев: "9024 киши каттоодо турат. Акыркы беш жылдын ичинде 11000 адамдын саны 9024кө түштү. Бирок булар каттоодо тургандар. Ал эми айрым маалыматтар боюнча 30000ден 50000ге чейин жетиши мүмкүн деп айтылып жүрөт".

-Орто Азияда агылып жаткан баңгизат Кыргызстан аркылуу өтөөрү белгилүү. Бул биздин өлкөгө канчалык деңгээлде зыянын тийгизет?

Бактыбек Сүйүнбаев: "Акыркы кездери БУУнун жыйынтыгында жана эл аралык серепчилер тарабынан Кыргызстан аркылуу 70-90 тонна баңгизат өтөт деп айтылып жүрөт. Ал эми өзүбүздүн серепчилердин маалыматы боюнча, Кыргызстан аркылуу 15-20 тоннанын тегерегинде баңгизат жүрүп турат. Быйылкы жылдын 11 айында Укук коргоо кызматы аркылуу 14 тоннадан ашык баңгизат кармалды".

Тимур Мадияров: "БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперттик баасында канча миң тонна апийим Ооганстандан чыгаары туурасында такталып турат. Былтыр 6400 кг чыккан. Кыргызстан аркылуу өткөн 90 тонна баңгизат төрт мамлекет аркылуу өтөт. БУУнун бангизат боюнча адистери менен биргелешип иша лып барабыз. Үч жылдын ичинде Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Американын баңгизатка каршы кылмыштуулук боюнча башкармалыктары менен биргелешип, 40 иш алып бардык. Анын жыйынтыгында 23 эл аралык баңгизат булактарын жаптык. 32 миллион долларлык баадагы 472 кг баңгизат алынды. Ооганстандан чыккан баңгизаттан сактануу жеке эле Кыргызстандын маселеси эмес, бул эл аралык көйгөйлүү маселе.

Кыргызстандын кайсы аймагында апийим өсөт?

Бактыбек Сүйүнбаев: "Апийим Кыргызстандын аймагында өстүрүлбөйт. Биздин мыйзамда буга тыюу салынган. Бирок кара куурай айрым жерлерде бар. Кээ бир кишилер дарылык үчүн деп өстүрүп жүргөн учурлар дагы кармалып калып жүрөт. Бирок Кыргызстанда апийимден героин жасаган лабораториялар жок. Героин сырттан жасалып келет".

Тимур Мадияров: "Жылына МАК деген аталыштагы иликтөө ишин жүргүзүп келебиз. Бул жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматтары менен биргеликте өткөрүлөт. Ошонун жыйынтыгында 3778 гектар кара куурай өскөн жерлер катталган. Анын ичинен 588 гектары өрттөлүп, жок кылынган".

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...