Акыркы макалалар

Республикалык бюджетти колдоо максатында Европа Биримдиги 30 млн евро бөлүүдө

Республикалык бюджетти колдоо максатында Европа Биримдиги 30 млн евро бөлүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бүгүн, 22-декабрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумуна алынып чыкты.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Кыргызстанга макрофинансылык жардам (МФЖ) үчүн 50% - кредит жана 50% - гранттык негизде 30 млн евро бөлүнүүдө. Бул жардам Кыргызстандын бюджетин колдоого багытталат.

МФЖ гранттык жана кредиттик бөлүктөрдөн тең пропорцияда эки транш менен берилет. Биринчи транш 15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – грант, 5 млн евро – кредит. Кыргыз тарап ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганда жана Макулдашуулар жана Меморандум күчүнө киргенде которулат. Экинчи транш 15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – кредит, 5 млн евро – грант. Меморандумдагы камтылган шарттарды кыргыз тарап аткарышынан кийин берилет, бирок биринчи транш берилгенден кийин үч айдан эрте эмес.

"Траншты төлөө үчүн Кыргыз Республикасы финансылык шарттарда б.а. тындыруу мөөнөтү, жеңилдетилген мезгил, пайыздык ченди көрсөтүү менен Европа Союзуна каржылоого суроо-талапты берүүсү зарыл. Мында пайыздык чен боюнча Кыргызстан үчүн алгылыктуу болгон максималдуу өлчөм көрсөтүлүшү тийиш, бирок 1%дан аз эмес. Ошону менен бирге, кредит менен грант 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу Стратегиясына ылайык келүүчү жеңилдетилген шарттарга алып келе тургандыгын белгилеп кетүү зарыл",- дейт министрдин орун басары.

Жыйындын жүрүшүндө, "Республика" фракциясынан депутат Максат Сабиров, келип жаткан гранттык насыяларды түзөн-түз мамлекеттик банктарга берүү зарылдыгын айтты.

"Келген гранттык насыялар көбүнчө коммерциялык банктарга кетип жатат. Анын негизинде гранттардын пайызы жогорулап кетип жетүүдө. Мамлекет грант алып жатат, анын эсебинен коммерциялык банктар пайда көрүүдө. Келип жаткан гранттардан тескерисинде мамлекет утушу керек",- деди депутат.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, учурда өкмөт тарабынан мамлекеттик банктарга колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок көптөгөн каражаттар келишимдин шарттары менен банктарга бөлүштүрүлөт.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган келишимди колдоп беришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...