Акыркы макалалар

Баткен облусунда көмүрдүн баасы арзандап жатат

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев билдирди. Анын маалыматына ылайык, учурда аймактагы эң сапаттуу деп саналган Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасы 7-7,5 миң сомдон сатылууда. Ал эми Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасын 8 миң 100 сомдон сатууну белгилеген.

“Баткен облусунда көмүрдүн баасы тиешелүү бийлик органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жана аба ырайынын жылуу болушуна байланыштуу арзандоодо. Азыр мурдагыдай шахтадан казылып алынган көмүрдү керектөөчүлөргө ортомчулар сата албай калды. Мындан тышкары шахталардын саны менен өндүрүш көлөмү да көбөйдү. Ар бир жаран көмүр өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн”,- деди Б. Жолчиев.

Ошондой эле республикабыздын башка аймактарында да көмүрдүн баасы жылдагыдан арзан болууда. Мисалы, Бишкекте 1 тонна Кара-Кече көмүрү 3-3,5 миң сомдон, ал эми 1 кабы 200-220 сомдон сатылып жатат.

Бул тууралуу “Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...