Акыркы макалалар

2014-жылы парламент менен өкмөттүн ортосунда кызыктуу талкуу жараткан маселелер

2014-жылы парламент менен өкмөттүн ортосунда кызыктуу талкуу жараткан маселелер

2014-жылдын башында эле парламентте Чубактын кунундай чубалган "Кумтөр" маселеси кызыктуу талкууну жаратты. Жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенке өкмөт менен Сenterra Gold компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоорун кайра түзүү шарттары жөнүндө макулдашуу боюнча маалымат берген.

Өкмөттүн "Кумтөр" маселеси боюнча Сenterra Gold Inc. менен буга чейин жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында "Кумтөр" боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму иштелип чыгып, анда 50-50 пайыз үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү сунушталган.

Бирок 2013-жылдын 23-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек экендигин айтышып, өкмөттүн жана Centerra Gold ишканасынын ортосунда түзүлгөн "Кумтөр" боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумун четке кагышкан.

Меморандумду жокко чыгарууга 84 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деген добушун берген.

Кайра сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өкмөт менен Centerra Gold Inc. эч кандай каржылык милдеттемеси жок, 50-50 пайыз үлүш менен бирлегешкен ишкана түзүү чечимине келишкен.

Өкмөт менен Сenterra Gold компаниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча жүргүзгөн бардык сүйлөшүүлөр анын төрагалыгы астында өткөндүгүн айткан Сатыбалдиев, сүйлөшүүлөрдүн бардыгы Бишкекте жүргүзүлгөндүгүн маалымдаган. Ошондой эле ал, эгерде депутаттар "Кумтөр" боюнча жаңы келишимди колдобой койсо, иш азыркыдай 33-67 пайыздык үлүш менен улана бере тургандыгын жана Кыргызстан жыл сайын 80 млн долларды түз жоготоорун айткан. Бирок депутаттар өкмөттү канадалык компанияга адвокат болуп жатат деп айыптап, ошол кездеги "Кыргызалтын" ишканасынын директору Дилгер Жапаровдун , "Кумтор голд компани" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп Сenterra Gold Inc. менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкандыгын катуу сынга алышкан. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин парламент 2014-жылдын 5-февралындагы отурумунда "Кумтөр" боюнча бирдиктүү бир пикирге келүү үчүн макулдашуу комиссиясын түзүп, анын негизинде токтомдун долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн иши жетишсиз деп табылып, бирок Жогорку Кеңеш өкмөт менен Сenterra Gold ишканасынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууну 6-февралда колдоп берген.

Буга чейин "Кумтөр" маселесине байланыштуу өкмөттүн отставкасын талап кылып, алардын айрым мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу керектигин айткан "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутат Эркин Алымбеков эгерде парламент "Кумтөр" келишимин колдоп бере турган болсо депутаттык мандатын өткөрүп бере тургандыгын убада кылган. Ал эми парламент "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууну колдоп берген соң ал депутаттык мандатынан баш тарткан.

Көп өтпөй ошол эле айда парламент Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердигин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишин карган. Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан дирекциянын ишмердиги башынан аягына чейин мыйзам бузуулар менен коштолгон деген баа берилген.

Эскерте кетсек, Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны өз убагында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган.

Ошол кездеги өкмөт башчыга карата ушул сыяктуу бир топ сын пикирлер байма-бай айтылып, жаз айларынын башында парламенттеги оппозициялык фракциялар тарабынан өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтолгон жана тиешелүү кат Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго жолдонгон. Бирок көп өтпөй көпчүлүк коалициясынын курамындагы "Ата Мекен" фракциясы ошол кездеги "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясынан чыга тургандыгын жар салып, аны фракция мүчөлөрү 1 добуштан колдогон.

"Ырыс алды – ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу себептерин "Ата Мекен" фракциясы ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин ишенимин актай албагандыгы менен түшүндүргөн.

Аны өзгөчө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишин текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын жыйынтыктарын талкуулоо учурунда айгинеленгендигин баса белгилеген.

Депутаттык фракция Сатыбалдиевдин ага артылган иш-милдеттерди толук аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматын ээлөөсү үчүн моралдык-саясий ресурсу жокко чыккандыгын маалымдаган.

Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги 5 фракциянын ичинен КСДП фракциясына ишеним көрсөтүп, көпчүлү коалициясын түзүү укугун берген.

Ошол күндөн тартып парламентте кайрадан жаңы альянс түзүү үчүн иш аракеттер көрүлө баштаган. Анда коалиция түзүү үчүн парламенттин бардык фракциялары менен бирдей сүйлөшүү жүрүп жаткандыгы маалымдалган. Ошентип 1-апрелде Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп, "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" көпчүлүк коалициясы түзүлгөндүгү тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков расмий жарыялаган.

Көпчүлүк коалициясынын курамы мурдагы бойдон калгандыгын, тактап айтканда ага кайрадан эле КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары киргендигин айткан Турсунбеков, алар тарабынан премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги сунушталып жаткандыгын билдирген.

""Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" көпчүлүк коалициясын түзүү үчүн КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракцияларынын лидерлери расмий түрдө тиешелүү документке кол коюшту. Коалицияга кирбей калган башка фракциялар үчүн дагы эшик ачык. Алар бүгүн өздөрүнүн жоопторун айтса болот",- деген пикирин билдирген ал.

Ошентип өкмөттүн жаңы курамын бекитүү үчүн парламент жаңы өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы менен таанышышкан. Депутаттар өкмөттүн эң негизги милдети экономиканы өнүктүрүү, калкты иш орундары менен камсыз кылуу жана коррупция менен күрөшүү болуп санала тургандыгын эске салышкан. Ошентип 2014-жылдын 3-апрелинде парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитип, өкмөттүн курамынын 90 пайызы мурдагы бойдон калтырылган.

Жарым жылдан ашык убакыттан бери парламент менен Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттүн ортосунда Сатыбалдиевдин учурундагыдай уу-дуу жараткан маселелер каттала элек. Бирок акыркы учурда сомдун долларга болгон курсунун төмөндөп кетиши, азык-түлүккө болгон баалардын жана электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашы маселени татаалдаштырып, Жогорку Кеңештин өкмөткө болгон ишенимин кыйла төмөндөттү.

Ошого карабастан парламент тарабынан өкмөттүн 2013-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчёту жактырылып, 2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга болжолу колдоо тапты.

Бюджетти кароодо депутаттар социалдык жана маданият тармактарынын каражатын көбөйтүү, мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү, курулушу башталган социалдык объектилерди аягына чыгаруу, кошумча каржы булактарын издеп, бюджет тартыштыгын азайтуу сунуштарын беришти. Андан тышкары Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу үчүн шайкеш келтирилген бир катар мыйзам долбоорлорун колдоп беришти.

Ошол эле учурда парламент, өкмөт "Кумтөр" маселесин аягына чыгаруу ишин кечиктирип жаткандыгын сынга алып, маселе парламентте акыркы жолу каралганда өкмөткө 3 айлык мөөнөт берилгендигин, бирок азыркы учурга чейин иш аягына чыкпай жаткандыгын баса белгилешти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...