Акыркы макалалар

Өлкө түштүгүн газга кайрадан туташтыруу иштери аяктады

Кечээ, 3-январда, президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Министр мамлекет башчысын өлкөнүн түштүк регионунда компания Өзбекстандан жаратылыш газын кайрадан берүү башталгандан бери "Газпром Кыргызстандын" абоненттерине этап-этап менен газга туташтыруу ишинин аяктагандыгы тууралуу маалымдады.

Турдубаев ошондой эле Атамбаевге жаңы жылдык майрамдарда өлкөнүн энергетика системасынын иши жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетиктердин 2015-жылдагы пландары жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аталган энергетикалык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...