Акыркы макалалар

ИИМ: "К. Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Саляновдун тиешеси жок"

2014-жылдын 16-мартында Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөө-иликтөө иш-чаралары токтогон жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден билдиргендей, ушул мезгилге чейин тергөө иликтөө иштери улантылып, кылмыш бетин ачуу максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сот органдары тарабынан санкция берилген 500гө чукул уюлдук телефондордун абоненттери текшерилди. “Одноклассники”, “WhatsApp” социалдык түйүндөр боюнча азыркыга чейинки текшерүүлөр жана аныктоолор жүргүзүлүүдө. Жүздөгөн адамдар суракка алынып, күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн беришти. Бирок бүгүнкү күндө конкреттүү түрдө аталган кылмышка тиешеси бар жарандар кармала элек.

"Биз бүгүнкү күнгө чейинки тергөөнүн иши менен толук таанышып жана аталган фактыга байланышкан бардык топтолгон оперативдик иш-чаралардын жүрүшү менен күн сайын маалымат алып тургандыктан, аталган кылмышка Калый Саляновдун жана башка ысымдары аталган жарандардын эч тиешеси жок экендиги аныкталгандыгын билдиребиз. Бул кылмышты ачуу боюнча бүгүнкү күндө оперативдик издөө-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгын билдиребиз", -деп ИИМден билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...