Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө браконьерлер кармалыды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча экологиялык техникалык инспекциясынын район аралык башкармалыгынын кызматкерлери жылдын башында, көлдөгү балыкты мыйзамсыз кармоого каршы рейдди жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө 9 балык кармоочу торун табышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мамлекеттик мргенчилик агентинин айлана-чөйрө жана токойлорду коргооо депортаментинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык табылган торлордун ээси аныкталбагандыктан, торлорду өрттөшкөн. Ошол эле күндөрдө рейддик топ тарабынан 2 мотор кайык менен жүрүшкөн жарандар кармалган: “Кайык ээлери келерки жайкы эс алуу мөөнөтүнө кайыктарды даярдап, моторлорун текшерип жүргөндүгү тууралуу куру шылтоолорду айтышты. Бул эки жаранга акты түзүлүп, материалдар тиешелүү органдарга иликтөө үчүн жиберилди»-дейт агентиктен.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...