Акыркы макалалар

Социалдык өнүгүү министрлиги 31% электр энергиясын сарамжалдаган

1-январдан тартып социалдык тармактын мекемелери аларга бөлүнүп берилген электр энергиясынын 31%ын үнөмдөп калган. Бул тууралуу бүгүн, 8- январда өткөн коллегияда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, министрликтин курамына 104 уюм кирет.

"Бардык социалдык тармакка 11 млн 502 миң кВт.саат электр энергиясы бөлүштүрүлгөн. Бирок айрым социалдык мекемелер электр энергиясын бөлүнгөн лимиттен дагы ашык колдонгондугун айта кетүү керек. Бирок мындай ишканалар электр энергиясы аркылуу жылуулук менен камсыз болгондор. Маселен, Жалал-Абад облусундагы Сузак үй-интернатына 500 миң кВт.саат электр энергиясы чектелсе, алар 518 миң кВт.саат электр энергиясын колдонушкан. Талас, Араван, Базар-Коргон жана Панфилов райондорунун социалдык башкармалыктарында дагы электр энергиясы ашыкча колдонулган", - дейт Базарбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...