Акыркы макалалар

Төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон…

Төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон…

Окурмандардын эсине сала кетсек, өткөн жылдын 18-сентябрында эртең мененки саат сегиз менен тогуздун аралыгында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө 50 жаштагы Дүйшөнбек Бекбоев өзүнүн мурдагы аялы, 46 жаштагы Шолпан Дукесованы атып өлтүргөн. Баарынан жаманы, так ушул убакта атасынын апасын кубалап барып атканы, апасынын канга боёлуп жерде жатканы… мунун бардыгы алардын он бир жашар кызы Алтынайдын көз алдында болгон.

«Ушул убакта кыз терезеден баарын көрүп, карап турган. Буга чейинки болуп келген үй-бүлөлүк чыр-чатак, ызы-чуудан улам, ансыз да бала абдан жабыр тартып, жандүйнөсү ооруп турган болчу. Ага азыр сөзсүз психологдун жардамы керек.

Ал мындан аркы жашоосун чоң эне-чоң атасы менен өткөргүсү келбегенин айтып, аларга бербегиле деп суранып жатат», – дейт балдардын психологу Гүлнара Төлөкеева маалымат булактарына берген маегинде.

Ал эми болгон окуяга кайрылсак, Д.Бекбоев аялын өлтүрүп, андан кийин анын иштеген жерине – «Кыр¬гызкөмүргө» келген да, мекеменин начальнигинин мурдагы кабинетине келип, мекеменин бөлүм башчысы Сагынбек Абылкасымовду атып, андан соң биринчи окуя болгон жерге кайтып келип, өзүн-өзү атып өлтүргөн.

* * *

Мына ошол окуя бир заматта шаар ичине чагылгандай тездик менен тараган жана анын себебин, кесепетин ар ким ар кандай – тактап айтканда, «Катын калп айтпайт, каңырыш угат» сыяктуу эле, ар ким өзү баамдап, өзү болжогондой жана өзү каалагандай чечмелеп, жоруй башташкан. Айрыкча басма сөз кызматтарында дагы бул окуянын чиелениши тууралуу ар кандай божомолдоолор айтыла баштаган. Ошондой имиштердин ичинен таразанын ташын көбүрөөк бас¬каны: – «Д.Бекбоев кызганычтын айынан аялын жана анын «көңүлдөшүн» атып, артынан өзүн-өзү өлтүргөн» деген такталбаган имиш болгон.

А бирок мунун канчалык денгээлде чындыгы бар? Канчасы жалган, канчасы чын, бардыгы эле биле беришпейт. Балким, жеке адамдардын керт башына, жеке сезимдерине, мамилесине тиешелүү мындай мамилени изилдеп-иликтебей деле койсок болмок, бирок, маркумдардын бири – Сагынбек Абылкасымовдун уулу Айбек менен бирге бул темага кайра да бир кайрылууга туура келди жана муну пенделик парзыбыз катары бааладык.

* * *

«Атам өмүр бою жылуулук берүү тармагында иштеген, өз адистигин абдан жакшы билген адам эле, - дейт Айбек Абылкасымов. – Үй-бүлөгө да кайрымдуу, жакшы ата болчу. Баарыбыздын окуп, билимдүү болушубузду каалар эле. Ошондуктан карындашым экөөбүздү чет өлкөгө чейин жиберип, окуп келүүбүзгө шарт түзгөн. «Эми элге кызмат кылгыла», - дейт эле. Айрыкча эң кенжебизди – кичүү карындашымды атам жанындай көрчү. Эртең менен дайыма аны эрикпей, окуусуна чейин өзү жеткирип келер эле… Баары жакшы эле… Анан эле бир күнү түшкө маал мага кабар келип жатпайбы: «Атаңды атып кетиптир», – деген. Чынымды айтсам, адегенде ишенген жокмун: «Менин атамдын эч кандай криминалга же саясатка тиешеси жок болсо, бирөөнү алдабаса, албаса, эч кимге зыяны жок адам болсо, кантип эле ошентсин? Бул – жаңылыш го, туура эмес угуп алышкан го?» – деп эле туруп калдым. Атамдын чындап эле киши колдуу болгонун уккандан кийин деле эч нерсеге ишенген, түшүнгөн жокмун, акыры анын чоо-жайын иликтөөгө аракет жасап көрдүм…»

* * *

Айбек атасын тек гана буга чейин эле жаңжалдашып келишкен эрди-катындын бейкүнөө курмандыгы жана алар менен башка бирөөлөрдүн ортосуна калкан болуп кете бергенин айтат:

«Атамды көпчүлүгү «Кыргыз¬көмүрдүн» начальнигинин орун басары деп жазышты. Бирок, атам кайсы бир бөлүмдүн башчысы гана болчу. Болгону эле ишин мыкты билгендиктен, маалымат булактарында болобу, кайда болбосун начальниктин ордуна сүйлөп, маалымат берчү. Менин билишимче, документ иштеринин көпчүлүгү да мыкты адис катары атамдын колунан өтчү. Керек болсо, кээ бир майрам күндөрү деле: «Начальник чакырып жатат», – деп кетер эле. 24-августта туулган күнү болуп, 57ге чыккан. Келинчегим экөөбүз куттуктайлы деп үйгө келсек, ошондо дагы: «Начальник чакырып жатат, сотко барышым керек экен», – деп чыгып кеткен болчу. Атам өлгөндөн кийин билдим, көрсө, атам ошол күнү жетекчилиги тарабынан Дукесова менен Бекбоевдин сотуна – ажырашуу процессине күбө катары жиберилиптир. Ошол күнү буларда кесиптик майрам болуп, жамааты Кашка-Суу деген жерге эс алганы кетип жатышса, атам ал жакка да барбай, жетекчилик тарабынан сотко жөнөтүлгөн.

– Атаңдын жетекчилик тарабынан жиберилгендиги туу¬ралуу маалыматты кайдан билдиң? Балким, кесиптеши болгон үчүн өздөрү деле макулдашкан чыгар?

– Мен атам каза болгондон кийин мунун баарын иликтеп чыктым да. Жамааттын юристи Сергей Иванович деген адамдын айтуусунда, атам: «Мен майрамга бара албай калдым, мени начальник сотко жөнөтүп жатат», – деп бир аз капа болгонсуган экен. Демек, атам ал сотко өзүнүн каа¬лоосунан сырткары, мекеменин кызматкери катары гана жетекчиликтин жиберүүсү менен барып катышкан. Эгерде атам ал күнү сотко жиберилбегенде, балким, Бекбоевдун көзүнө илинмек эместир.

Экинчиден, атам отурган кабинетте ага чейин башка киши – мекеменин начальниги отурчу экен. Ошол каргашалуу окуя болоорго үч күн калганда начальник экинчи кабатка – атамдын кабинетине чыгып, аларды өзүнүн кабинетине көчүргөн. Балким, ушундай окуя болуп кетерин башкалар алдын ала сезгендир? – дейт Айбек Абылкасымов.

* * *

Мындан сырткары, Айбек Д.Бекбоевдин атасын атаар алдында эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүнө кызыгып, иликтөө жасап, буларды билген экен: «Атам менен бирге отурган Добровдун айтымында, мылтык көтөргөн Бекбоев кабинетке ушунчалык энтигип, кебетеси бир башкача болуп кирип келип эле алдынан бет келише түшкөн Добровдун бетине мылтык такап: «Начальник кайда?» – деп сураптыр. Андан: «Командировкада», – деген жооп¬ту уккандан кийин да ишенбей: «Эмне калп айтасың?» – деген. Аңгыча ары жакта отурган атам: «Алдагы сага оюнчук эмес да! Эмне болуп атасың? Таштагының!» – дейт. Доб¬ровдун айтымында, ошол убакта алар сот туу¬ралуу сүйлөшкөн окшойт: «Сен эмнеге сотто аны колдоп, коргодуң? Биздин турмушубузга эмнеге кийлигишесиң?!» – деген окшойт. Бат эле анан атып салып, чуркап чыгып кетти дейт. Андан кийин экинчи кабатка чыгып, начальниктин кабинетине барыптыр. Жардамчысы – жаш бала чыгып келаткан экен, ага да мылтык кезеп, начальникти сурап, командировкада экенин уккан соң: «Болуптур, сен жашай бер!» – деп мылтыгын алып, чыгып кеткенин айтышат…»

* * *

Ал эми өлүм менен жооп бергидей, Сагынбек Абылкасымов сотто күбө катары кандай сөз айтты экен? Мына ушуга жооп издеп, биз Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 12-сентябрда чыгарган (2012-жылы) чечимине кайрылдык.

Анда маалымдалгандай, арыздануучу Ш.Дукесова менен күйөөсү Д.Бекбоев 1989-жылы 29-октябрда Талас районунун Арал айылдык кеңешинде үй-бүлө катары катталышкан.

Дукесованын арызында айтылгандай, ошол жыйырма жылдан берки аралыкта алар Д.Бекбоевдин эпсиз кызганчаактыгынын айынан дайыма ыр-чыр менен жашап келишкен. Атүгүл Бекбоев аны «өлтүрөм» менен коркутуп келген жана бардык маселе ушул аркылуу чечилет деп түшүнгөн. Андыктан, Ш.Дукесова аларды ажыраштырып, үй мүлкүн бөлүп берүүсүн соттон суранган.

Ал эми Д.Бекбоев, тескерисинче, ажырашууга караманча каршы экендигин билдириптир. Буга чейин жакшы эле жашап келишкенин, эки жылдан бери эле баары бузулгандыгын, анткени аялынын телефонуна белгисиз бирөө телефон чалганын, ал алса унчукпай койгонун жазган. Аялы кайдадыр эки сааттай жоголуп кетип, кайра келерин баса белгилеген. Эгерде аялы мунун баарын токтотсо жашоолору оңолорун, жакшы жашарын айткан.

Мына ушундай ж.б. учурларды эске алып, эки айга берилген жарашуу мөөнөтү бүткөндөн кийин, сот аялдын ажыраштыруу арызын канааттандырган.

* * *

Мына ошол сотто күбө катары аял тараптан чакырылган Сагынбек Абылкасымов Дукесованын ишмердүүлүгүнө жакшы мүнөздөмө бере аларын, ал эми ал кандай аял жана кандай эне экендиги тууралуу эч нерсе айта албай тургандыгын билдирген. Ал эми Бекбоевди бир нече жолу көргөндүгүн, ал жамааттын майрамында кафеге келип, аялын начальник менен бирге отургандыгы үчүн күнөөлөп, аны менен көңүлү түз эмес экендигинен шектенип, чыр чыгаргандыгына күбө болгондугун айткан.

Болгону ушул сөзү үчүн ал бейкүнөө ажал тапкан…

Айтмакчы, Айбек Абылкасымовго өзүнүн иликтөөсүндө маалым болгондой, Дукесованын атылганын, кызынын кандай акыбалда карап тургандыгын көргөн биринчи адам дагы элди чакырып, тигинде кызы карап турганын айтып, ошол окуядан көп өтпөй эле өзү дагы инсульт болуп көз жумган экен…

* * *

«Бул окуяга чейин эле Дукесовага күйөөсү жана уулу тарабынан кол салуу аракеттери болуп келген», – дейт “Сезим” кризистик борборунун юристи Бакыт Качыкеев. Ошондой эле Дукесова “сезимчилерге” акыркы убактарда үй-бүлөлүк проблемалары менен милицияга деле кайрылбай калгандыгын айткан. «Дукесова күйөөсүнүн дайыма өлүм менен коркута тургандыгын айтчу. Ошондуктан акыркы убактарда ага кайтарык менен жүрүүгө туура келген. Ал иштеген мекемеге Бекбоевди киргизбөөнү суранчу экен», – дейт «Сезимдин» директору Бүбүсара Рыскулова...

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...