Акыркы макалалар

Быйыл каржы министрлиги электрондук сатып алууларды жүргүзүүгө өтүүнү пландоодо

Быйыл 2015-жылга өкмөтүн программасынын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча каржы министрлиги алдына бир катар пландарды койгон. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Анын негизинде министрлик төмөндөгү милдеттерди аткарууга милдеттенет:

1. Өнүктүрүү долбоорлорунун жана капиталдык салымдардын каржыланышына коомдук контролду күчөтүү.

2. Бюджеттин майнаптуу эмес чыгашаларын кыскартуу.

3. Программалык бюджеттештирүүгө этап-этабы менен өтүүнү улантуу.

4. Мамлекеттик финансыларды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу.

5. Мамлекеттик карызды майнаптуу башкаруу.

6. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүгө өтүүнү камсыздоо.

7. Мурда берилген мамлекеттик зайым каражаттарынын кайра кайтарылышын камсыз кылуу жана Баалуу металлдар департаментин өзгөртүп түзүү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...