Акыркы макалалар

Абдыгулов: Улуттук банктын сомдун курсун кармап турууга күчү жетет

Улуттук банктын сомдун курсун кармап турууга жетишерлик резерви бар. Бул тууралуу кечээ, 13-январда парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

Анын айтымында, жылдын башында доллардын курсунун жогорулашы- жетишерлик кадыресе көрүнүш.

"Ишкерлер бул тууралуу билишет жана ошондуктан эртелеп камынышат. Сомдун курсун кармап турууга каражат бизде жетишерлик. Азыркы учурда валюта рыногунда паника жаралууда, аны жоюш үчүн Улуттук банк кезектеги интервенцияны ишке ашырат. 2015-жылдын январь жана февраль айында доллардын курсунун мезгилдүү жогорулашы болмокчу",-дейт Абдыгулов.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...