Акыркы макалалар

Караколдогу “Сууканал” ишканасынын ишин прокуратура карайт

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы Пржевальск Пристань поселогунун жашоочуларынын канализация суусунун агын сууга агызылышы боюнча арызынын негизинде текшерүү жүргүзүп, айтылган дооматтар чындык экендигин аныктады. Бул тууралуу аталган инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Бирок, Каракол шаарынын “Сууканал” ишканасынын жетекчилиги мындай канализация суусун агызуу электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу болгондугун билдиришкен. Мындай учурлар авариялык сазды куруу ишинде жана жаңы жылдык майрам күндөрү орун алган. Ошол эле учурда “Сууканал” бул саздын курулушу тууралуу тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Мындан тышкары фильтрациялык пленкалар жана тосмолор орнотулган эмес. Химиялык анализдин натыйжасында Ысык-Көл-Нарын аймактык сууну тазалоо мекемесинин жабдыктары натыйжалуу иштегени менен экологиялык жана техникалык коопсуздукка жооп бербеген.

Ошондуктан бул жагдайга укуктук баа берүү үчүн инспекция Каракол шаарынын “Сууканал” ишканасынын ишин прокуратурага өткөрүп бермекчи.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...