Акыркы макалалар

Декабрь айында Талас областында электр энергиясын колдонуу азайган

Өткөн жылдын декабрь айында Талас областынын жашоочулары 2 пайызга жакын электр энергиясын үнөмдөгөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымдады.

Декабрь айында Талас областында электр энергиясын колдонуу төмөндөгөн. Аталган областтын калкы бир айга бөлүнгөн 68,7 млн кВт∙сааттык лимиттин ордуна 67,3 млн кВт∙сааттык электр энергиясын колдонушкан. Чүй областында тескерисинче электр энергиясын колдонуу лимити жогорулап кеткен. Областка бөлүнгөн 322,6 млн кВт∙сааттык электр лимитинин ордуна 351,8 млн кВт∙сааттык электр энергиясы керектелген.

Мындан тышкары Бишкек шаары дагы лимитти ашыкча пайдаланган. Шаардыктар электр энергиясын 15,11 пайызга ашыкча коротушкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...