Акыркы макалалар

Тагдыр сыноосун эрки менен жеңген Шералы

Тагдыр сыноосун эрки менен жеңген Шералы

Нарын шаарында Медер-Шер коомдук бирикмеси тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кеңсеси ачылганы жана ушул бирикменин тең төрагасы, Алыш айылынын тургуну Султанов Шералынын аракети менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жыгач иштетүүчү ишкана ишке киргени жылдын эң чоң саамалыгы болду.

Шералынын күтүүсүз кырсыктан улам мүмкүнчүлүгү чектелип коляска менен жашап калганына быйыл 17 жыл болсо да аны тагдырдын бул сыноосу сындыра алган эмес. Ден соолугунун начардыгына карабай күнү-түнү талбаган эмгегинин жана бийик эркинин натыйжасында дени таза адамдар жасай албаган ийгиликтерди багындырып, коомго минтип үлүшүн кошуп олтурганы бизди да кубандырды. Эки буту кыймылсыз экенине карабай өзүнүн ак эмгеги менен алган ак тулпарын айдап алып, чоң жумуштарды бүтүрүп жүргөнү ого бетер таң калтырды.

Жаш жигиттин мүмкүнчүлүгүн чектеген күтүүсүз кырсык

Балким ошол каргашалуу күнү электр энергиясына тийип калган бутакты кыркам деп бакка чыгып, андан кулап кетип ден соолугунан ажырап калбаганда Шералынын тагдыры мындан башкача болуп, дагы көптөгөн бийиктиктерди багындырат беле деген ойго жетелендим аны менен баарлашып олтуруп.

-Кырсыктаганда 9-классты жаңыдан бүтүп аткам. Бел омурткам, жамбашым сынган. Ошонун негизинде жүлүнүм кыпчылып калып бутум кыймылсыз калган. Ооруканага келип көрүнгөнбүз. Бирок ошол 1995- жылдары баары чачыранды, бир нукка түшө албай турган башаламан учур болгондуктан дарыгерлердин кайдыгерлиги, ишине болгон салкын мамилеси мага тийип, менин бутума туруп басып кетишиме тоскоол болуп койду. Алардын эң негизги туура эмес кылганы жылыш болбойт деп үмүтүмдү үзүп койгону эле. Болбосо шаарды көздөй барып, убагында дарыланып калсам балким башкача болот беле деп ойлоп калам. Дарыгерлерден үмүт үзгөндөн кийин көзү ачыктарга, табыптарга да барып жүрдүк. Бирок ошентип жүрүп канча бир убакытты өткөрүп жибердик. Каражаттан да каржалдык,-дейт Шералы ошол оор күндөрдү эскерип.

Күчтүү эрк, ийгиликке карай жол

Шералыны күчтүү эрки жана жашоого болгон сүйүүсү гана толгон тоскоолдуктардан алып чыгып, ийгиликтин жолуна салыптыр. Кырсыктан эки буту кыймылдабай калгандан кийин билимин улантууга эч мүмкүнчүлүк болбой калат. Апасы китепканачы болгондуктан улам бир китепти алдырып келип окуп олтуруп дүйнө таанымын өз алдынча калыптандырат.

-Китепканадагы китептердин дээрлик жарымына чейин окуп бүттүм окшойт,-дейт маектешим. -Анан бош жата албай, коомдук иштерге аралаша баштадым. Машинага май куймайынча жүрбөгөн сыяктуу биздин жашообуз дагы каражат болмоюнча алдыга жылбайт экен. Ошол каражатты табуунун айласы менен көп аракет кылдым. Айылда жаштардын кыймылын түздүк. Мен өзүм ошол учурда 19 жашка чыккан экемин. Балдарга бир аз каражат берүү менен картошка айдаттык, эгин септирдик. Андан түшкөн каражатка жаштар үчүн спорт инвентарларын алдык. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Балдардын да кызыгуусу артты, жашоого болгон көз караштары өзгөрүп дегендей. Бирок негедир ал учурда жаш болгондуктанбы, максатыбызды толук кандуу ишке ашыра албадык. Телевизор, магнитафон оңдоп элге кызмат көрсөттүм. Үйүбүздүн терезесин ачып алып соода кылып, ал тургай базарга ашкана ачып иштетип да көрдүк. Аныбыз да өзүбүз ойлогон деңгээлге жетпегендиктен токтоп калды. Бала кезимен кол өнөрчүлүккө шыгым болгондуктан ушул жагына ыктап, шаарда алты ай жашап устачылыктын сырларын үйрөндүм. Ошентип жыгачтан стол, стул, жип ийрүүчү машина, сандык сыяктуу буюмдарды жасай баштадым. Булардын ичинен эң өтүмдүүсү сандык экенине көзүм жеткенде биринчиден каражат табуу, экинчиден элибиздин баркы кетип бараткан улуттук баалуу буюмуна жаңы түс берип алып чыгуу максаты менен сандык жасай баштадым.

Ишке ашкан кыялдар

Ошентип Шералынын чыгармачылыгы, жан дүйнөсүнүн дарамети, кооздугу колунан жасалган сандыктарына чегерилип, башкаларга окшошпогон, заманбап сандыктар тез эле кардарларын таба баштайт. Алгачкы күндөрдө бир айда бир сандык жасап, аны Нарын шаарынын базарына алып келип өткөрүп жүрсө, кийинчерээк суроо-талап көп болгондуктан күнүнө бирден сандык жасаган учурлары да болгон. Кардарлар сапатына, көркүнө, баасына карап Нарын шаарынан, Ат-Башы, Нарын, Кочкор райондорунан, Ысык-Көл облусунан, Бишкек шаарынан келип сандыктарды үйүнөн алып кете башташкан.

-Нарын шаарына чакан ишкана ачып мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыз кылуу менин алты-жети жылдан бери кыялданып жүргөн кыялым болчу,-дейт Шералы. –Себеби ден соолугунан жабыркап, мүмкүнчүлүгү чектелип калган адамдардын коомдо жашоосу, иштөөсү, эң жөнөкөй эле эл катары имараттарга, мекемелерге кирип-чыгуусу чоң көйгөй. Бул көйгөйдү башынан кечирип жаткан адам жана анын эң жакын адамдары гана түшүнбөсө, жалпы коомчулук маани бербейт. Ошондуктан дүйнөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Абилис” уюмуна долбоор жазып, алардын 2,5 миң евро өлчөмүндөгү колдоосу жана өздүк салымыбыз менен ушул чакан ишкананы ачып олтурабыз. Азыркы күндө 5 адам жумуш менен камсыз болду. Долбоордун мөөнөтү бир жыл. Бирок бул ишкананын келечеги кенен экенине жана сандык эле эмес жыгачтан жасалуучу буюмдардын бардыгы жасалып чыгаарына ишенем.

Шералынын айтымында, алардын колунан даярдалган сандыктардын айырмачылыгы жеңил жана үстүндөгү жүктү чачып отурбай маңдайынан ачканга ылайыкталгандыгында. Россиядан экспорттолуп келген фанерадан жасалгандыктан бышыктыгы пайдаланган адамдын небересине, чөбөрөсүнө, кыбырасына чейин жете турган кепилдик бар. Баасы 4800 сом. Кардарлар сандыктарды РТС чөлкөмүндө жайгашкан ишканадан сатып алып кетишсе болот. Жеткирип бергиле десе жеткирип берүү акысы кошулат.

Коомдогу лидер

Шералынын коомдогу активдүү жаштардын катарында татыктуу орду бар. Учурда Нарын облусундагы Кыргызстан жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет. Алыш айылында айыл чарба кооперативинин жетекчиси. Ошондой эле Нарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Медер-Шер”коомдук бирикмесинин тең төрагасы. Аталган бирикменин төрагасы Медер да ден соолугунан жабыркап, жашоосу коляскага көз каранды болгондуктан Шералы экөө биргелешип долбоорлорду жазып, коомдогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө аракеттерди көрүп келишет. Жакында бул жигиттердин жана аларга долбоорлорду жазганга жакындан жардам берген Нуркыз Акматованын аракети жана Ага Хан фонду, Кока-Кола компаниясынын колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ресурстук борбор ачылып, Нарын шаарындагы жаштар ордосунан орун берилди. Бул алардын аракетинин алгачкы жемиши десек туура болчудай.

“Келечекти гүлдөтүүчү жалгыз гана эмгек”

-Адам жакшы жашайм десе мүмкүнчүлүгүнө жараша кыялданып, максат коюп, анан ошол кыялы менен мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга аракет кылуусу керек. Мен көбүнчө Р. Оморовдун “Келечекти гүлдөтүүчү жалгыз гана эмгек, өмүргө сараң карап натыйжага шашуу керек” деген сөзүнө таянып иш кылам. Ошонун натыйжасында эки колум менен көп ийгиликке жеттим. Мен алты саны аман туруп “жок” дегендерге таң калам. Алар үчүн намыстанам. Бизде азыр чындап келсе адамдар жумушка зар болбой эле жумуш адамдарга зар болуп турган учур. Аракет кылса бардык жерде жумуш бар,-дейт Шералы.

Ал жашоодогу максаттарынын орундалышына жарык дүйнөгө алып келген апасы Зуурабүбүнүн, таякеси Максаттын, бир туугандарынын, досторунун санаалаштарынын жардамы зор деп белгилейт. Келечекте 100 түтүн эли бар кичинекей сүйүктүү Алыш айылына сөзсүз кызмат кылып, салым кошуу ниети бар.

Ал эми турмуш курууну Шералы өтө жоопкерчиликтүү кадам деп эсептейт. Анын пикиринде кыздарды бүлө кылып алгандан кийин аны багып кетиш үчүн жигиттин милдети көбүрөөк болот. Көп учурда жаш үй-бүлөлөрдө каражат маселесинен чыр-чатак пайда болуп, ажырашууларга алып келип, анын кесепетинен бүтүндөй бир мамлекет болгон үй-бүлөлөрдүн бузулуп атканы өкүндүрөт. Ошондуктан жигиттер үчүн үй-бүлөнү 40-45 жашында курса да кеч эмес деп ойлойт.

Арабызда Шералыдай, Медердей эрки бекем, эмгекчил, тагдыр сыноосун аракети менен жеңген жигиттердин бар экени кубандырат. Баарыбыз ушулар сыяктуу аракеттенип, алты саныбыз аман туруп жалкоолонуп жатып ичкенден намыстансак албетте татыктуу жашоого жетишээр элек.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...