Акыркы макалалар

Лейлек районунда 4 көпүрө колдонууга берилди

Лейлек районунда жаратылыш кырсыктарын жоюу иштери аягына чыгууда, мындан 2 жыл мурун райондогу бир канча айылдарда сел жүрүп, жолдор жана айылдарды райондун борбору менен байланыштырган көпүрөлөр жарактан чыккан болчу.

«2012- 2013- жылдары Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам аймактагы дарыяларда суунун көлөмү көбөйүп, ички жолдорду жана бир канча көпүрөлөрдү сел алып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол жылдардан бери, Лейлек районунун аймагындагы табигат кырсыгынан бузулган объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө»,- дейт Катраё айыл аймагынын башчысы Абдихасит Исаев

Катараё айылындагы көпүрөдөн сырткары Лейлек районунун башка аймактарында да көпүрөлөр салынып, жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда 50 миллион сомдук иш аткарган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...