Акыркы макалалар

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт коло медал утту

Кыргыз-түрк “Себат” лицейинде билим алып жаткан төрт окуучу өткөн жумада Алматы шаарында табигый илимдер багытында өткөн эл аралык олимпиададан төрт коло медал менен кайтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, үч окуучу информатика сабагынан, бир окуучу физикадан үчүнчү орунду ээледи.

Аталган билим берүү мекемесинде окуучуларды олимпиадаларга даярдоочу атайын борбор иш жүргүзөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...