Акыркы макалалар

Чабандардын үйлөрү убактылуу мектеп болду

Тоң районунун Көк-Мойнок айылында декабрь айынын ортосунда өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары үч имаратта окушууда. Алар айылдагы карылар Кеңешинин жана жергиликтүү чабандардын бош үйлөрүндө жаны жылдан баштап окуп жатышат. Бул тууралуу Тоң районунун акими Бакыт Рысбаев билдирди.

Анын айтымында өрттөнүп кеткен мектептин ичине оңдоп-түзөө иштери жүргшүзүлүп, ичиндеги эмеректер жайгаштырылууда: “Окуучулар айылдын имараттарында окуу жылдын аягына чейин билим алышат. Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктун өкүлчүлүгү жаңы окуу жылынын башталышына чейин жаны мектеп салып берүүгө убада кылышты”дейт Б.Рысбаев.

Эскерте кетсек: Мектеп 2012-жылдын 17-декабрында өрттөнүп кеткен. Көк-Мойнокто 92 окуучу жана 12 мугалим бар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...