Акыркы макалалар

Депутат электр энергиясынын баасын кайра карап чыгууга чакырды

Бүгүн, 22-январда парламенттин пленардык жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 15-январда Таласта электр энергиясынын баасын кымбаттатууга каршы митинг болуп өткөнүн билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясына баасын жогорулатуу боюнча маселени кайра карап чыгыш керек жана электр жарыгына бааны кымбаттатканга күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке чакыруу зарыл.

"Азыр элдин көбү "эмне үчүн электрди кымбаттатканга күнөөлүү болгон чиновниктер мыйзам алдында жооп бербейт?",- деп сурап жатышат. Ооба, мен түшүнүп турам, Токтогул суу сактагычында суу аз жана электр энергиясы жок, бирок эмне үчүн маселе чечилбей жатат? Эмне үчүн мындай оор мезгилде биз эмдигиче иштебей отурган аткаминерлердин кайдыгер мамилесинен улам кВт•саат электр энергиясы үчүн 2 сомдон ашык баа төлөп жатабыз. Чиновниктер элди алдабай качан иштей баштайт?",-деп нааразы болду ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...