Акыркы макалалар

2015-жылга мамбюджеттин салыктык эмес түшүүлөр 15 млрд 570,9 млн сом болот

2015-жылы салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү 15 млрд. 570,9 млн. сом өлчөмүндө божомолдонууда. ИДПнын көлөмүндө анын үлүшү 3,5 пайызды түзөт жана 2014-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлине карата 0,2 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу финансы министрлиги кабарлайт.

Салыктык эмес кирешелер – жыйымдар, төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес кирешелер түрүндө акча каражаттарынын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жана жергиликтүү бюджеттерине түшүүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар жана аткарылган иштер үчүн акча каражаттарынын түшүүсү.

2015-жылга мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрүнүн түзүмү

Пайыздары: 785,4 млн сом

Үлүштүк кирешелер жана пайда: 2 млрд 698 млн. сом

Ижара акысы: 704,7 млн сом

Жыйымдар жана төлөмдөр: 1 млрд 41 млн. сом

Мамлекеттик алымдар: 305 млн сом

Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр: 9 млрд 318,6 млн. сом

Айыппулдар, санкциялар жана конфискациялар: 645,8 млн сом

Башка салыктык эмес кирешелер: 72,6 млн сом

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...