Акыркы макалалар

Бишкекте сырттан автоунаа ташып келгендердин митинги өтүп жатат

Бишкекте сырттан автоунаа ташып келгендердин митинги өтүп жатат

Бишкекте импорттолгон автоунааларга өкмөттүн кымбаттатылган бажы төлөмдөрү боюнча токтомун жокко чыгаруу же кайра карап чыгуу боюнча митинг өтүп жатат.

Бишкектин Максим Горький атындагы паркында сырттан ташылып келинген автоунааларга өкмөттүн бажы төлөмүнүн кымбаттап кетишине нааразы болгон тараптардын митинги өтүп жатат.

Акцияга автоунаа ташып келип, кымбаттап кеткен бажы төлөмүнүн айынан көйгөйгө тушуккан жарандар катышууда.

Автоунаа ташып келүүчүлөрдүн ассоциациясынын директору Нурбек Турсунбаевдин айтымында, митингдин катышуучулары өкмөттүн 2014-жылдын 2-сентябрында чыккан токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же таптакыр башка документ кабыл алууну талап кылышууда.

"Алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келген автоунаалар бир катар объективдүү себептерден улам бажыдан өтпөй калды. Калып калган автоунааларды 2014-жылдын баасы менен документтерин толтуруп, бажыдан өткөрүүнү талап кылабыз. Мисалы, Бажы бекетинен өтүш үчүн кезекте 100 автоунаа турса, аны болгону 3 гана оператор тейлейт ", — деп түшүндүрдү Турсунбаев.

Учурда бажыдан өтпөй, эски баа менен өткөрүлө турган дагы 200гө чукул автоунаа кармалып турганын кошумчалады.

Митингге 40ка жакын адам катышууда, тартип коргоо органдары сырттан байкоо салып турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...