Акыркы макалалар

Үч смен менен окушууда

Өткөн жылы Ак-Талаа районунда катталган жер титирөөдө Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектеп авариялык абалга келип жарактан чыккан. Жаңы мектептин курулушу кеч башталгандыктан калган иштер быйылкы жылга калтырылган. Учурда окуучулар 3 смен менен окушууда. Мектеп деректири, мугалимдер тар бөлмөгө тыгылышып, кабинеттерди класс кылып уюштуруп, окуу иштерин жүргүзгөнгө аргасыз. «Убактылуу чатырларды жыйнатып койгонбуз. Күн жылымдаса кайра тигип, окууну чатырларда улантабыз»-дейт мектеп деректири Асек Абдрахманов.

Жаңы мектепти салууну «ОССО Бишкек шаардык курулуш» компаниясы тендерден утуп алып жүргүзүүдө. Долбоордо жалпы сметалык баасы 38 млн сом болуп көргөзүлүп, 225 орундуу спорт залы менен эки кабаттуу типтүү мектеп тургузуу каралган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...