Акыркы макалалар

Сүттү булак

Жети- Ѳгүз районундагы Светлая Поляна айылын бойлой «Сүттү булак» суусу агат. Бул суу менен бүгүнкү күнү айыл эли баардык дыйкан чарба, тиричилик иштерин кылат. Ал эми эл арасында айтылган уламыштар боюнча «Сүттү булак» бир кезде айыл элин багып келген. Ошондой уламыштардын бири, айыл тургуну Шакир Искаковдун айтымында мындай болгон:

« Илгери илгери айылда сүттү улак болгон. Анын сүтү менен бир айыл жан багышчу. Ал дайым суунун жээгинде оттоп жүргөндүктөн, сутту улак деп аташып, бара бара сутту булак болуп калган»- дейт Ш. Искаков.

Ал эми дагы бир эл арасында айтылган уламыштар боюнча ал улактын сүтүн айыл эли түгөтө албай, булактын суусуна төгүп жиберишчү. Анан суу сүттөй болуп,бозомук агып атып «Сүттү булак» аталып калган.

Канткен күндө да айыл тургундары үчүн бул булактын ролу чоң экендигин жергиликтүү тургундар билдиришет.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...