Акыркы макалалар

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». Япония – Күн Чыгыш өлкөсү

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». Япония – Күн Чыгыш өлкөсү

Нуржигит Кадырбековду жаңы көз караштагы, дүйнөлүк ой жүгүртүүдөгү, көп тил билген жаштардын алдыңкы сабындагы инсан катары жакшы билебиз. Ал Япония өлкөсүндө жашап жана ал жактар тууралуу китеп жазып келген жана биз ошол китебиндеги көп ойлор ар бир кыргызга сабак болор деген ниетте ушул макаланы жарыялап отурабыз.

Табиятка таазим

Чыгыш искусствосуна кызыккан бир таанышым: «Чыгыш живопистеринде дарактар, тоолор, дайралар, деңиздер, жаныбарлар көбүнчө биринчи планда. Адамдар менен үйлөр алардын фонунда майда болуп, көрүнбөй турат. Бул табияка болгон сый-урматтын канчалык бийик экенин айтат», - деди эле. Башка чыгыш өлкөлөрүн билбейм, бирок Японияда адамдар жаратылышка чындап эле абдан аяр мамиле жасашат. Канча жерлеринде болуп, канча токойлорун араладык, бирок бир да кыйылган даракты көргөнүм жок. Тескерисинче, өлкөдөгү түнт токойлордун көбү табигый эмес, кол менен жасалган. Шаарлары да ушунчалык жашыл. Бак кароо, гүл өстүрүү боюнча япондор алдына эч кимди салдырбайт. Бул тууралуу кийинчерээк кененирээк жазарбыз. Ушул саам алардын жан-жаныбарларга карата мамилесине токтолгум келет.

«Желбеген шашлыктар»

Айтылуу «Ак кеме» көркөм тасмасында Нургазынын дайрадан суу ичкени келген бугуларды көргөн жери бар. Бала жалооруп жакындайын десе качып токойго кирип кетишет. Көркөм фильмдин ошол жерин тартуу аябай оор болгон деп уккамын. Анткени сезимтал жаныбарлар адамдар бар экенин туюп сууга келишпей, келишсе да шыбырт деген дабыштан качып көпкө чейин кино операторлордун «буктурмасына» кабылган эмес экен. Жапайы жандыктын баары эле ошентип адамдан чоочуркап, жашырынып турат го деп ойлогом. Бирок Японияга келгенден кийин бул оюм өзгөрдү.

Нара деген шаарда «Улуу Чыгыш Храмы» деп аталган биздин замандын 752–жылы курулган буддисттик храм бар. Ал адамзат тарыхындагы жыгачтан салынган эң чоң курулуш. ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк маданият мурастарынын бири катары таанылган. Аны көргөнү туристтер төгөрөктүн төрт бурчунан келишет. Биз барганда храмдын тегерегиндеги ушунчалык кооз бактарды аралап эликтер жүрүшүптүр. Автобустан түшүп эле аларды жанынан көрүүгө шашылып жөнөдүк. Качат болуш керек десек такыр качышпайт экен. Сонуркап, сүрөткө тартып, сылап-сыйпап, чөнтөктөн нан-пан алып берип анан храмды көздөй бет алсак алар да ээрчип алып жатпайбы. Берген наныбызды көрүп калган башка эликтер да заматта топтолуп, бизди курчап алышты. Бастыра койбой ээрчишет. Чуркасак кошо чуркашат. Эми эле сонуркап аткан жаныбыз алардан кутула албай айлабыз кетти. Кубалап, айбат кылсаң же кенеп коюшпайт.

Ал эликтер адамды жалаң жакшылык гана кылчуу, эч жамандыгы жок жан катары кабылдап көнүп калышса керек. Муну байкаган бир кыргыз жолдош бала: «Карачы, канча бекер эт, устукан, шашлыктар жөн эле басып жүрүшөт. Япондор такыр эле эркелетип жиберишиптир. Кыргызстанда болгондо биз эбак эле…», - деп күлдүрдү эле. Дал эле ошондой эликтерди кийинчерээк Хиросима префектурасынын Мияжима деген жеринен көрдүм. Байкуш макулуктар адамзатынын зыян келтирүүгө жөндөмдүүлүгүн такыр унутуп калышыптыр.

Ташбакаларга жан тартып…

Осака шаарынын «Экспо-коэн» гүлбагына биринчи жолу барганда жасалма көлчөлөрдөгү балыктардын адамга жакындыгын көрүп таңыркагам. Жээкти бойлой бассаң ээрчий сүзүшөт. Ак-кара, кызыл-тазыл, чоң-кичине болгон ал кооз жаныбарларды карап эле олтургуң келет. Кишилерге ушунчалык үйрөнүп калышыптыр. Жем ыргытсам талашып жегендерин тамаша кылып бир топко чейин карап турдум.

Нишиномия шаарында ташбакалар менен балыктар аралаш жашаган кооз көлмөлөр бар экен. Жем чачсаң шамдагай балыктар шып эле илип кетишет. Ташбакаларга жан тартып, калган жемди алар турган жерге туштап ыргытып жаттым.

Саппоро барганымда калаанын чок ортосундагы тогуз жолдун тоомунда көгүчкөндөрдүн үйүрү конуп туруптур. Учуруп албайын деп акырын жакындасам, дегеле сестенип коюшпайт. Аралай басып, алардын ортосунда бир топко чейин олтурдум. Качмак мындай турсун, бирдеме үмүт эткенсип кайра мага ыктап жатышты. Аларды карап олтуруп, эмнегедир, чозмо менен чымчык атып өлтүргөнүнө эрдемсинген бала кездеги теңтуштарым эсиме түштү.

Камандар менен бетме-бет

Мен жашаган Кобе шаары аябай кооз. Тоо менен деңиздин ортосунда жайгашкан. Тоонун токою ушунчалык калың болгондуктан бир киши ичинде адашып эки жумача чыга албай жүрүптүр. Куткаруучулар менен полицейлер издеп тапкычакты чөптөрдүн тамырын жеп жан сактаптыр. Ошол токойдун баары табигый го ойлогом. Көрсө адамдар үч миллиондой дарактарды олтургузуп, өстүрүшкөн экен.

Университетибиз да тоону беттей токой четинде жайгашкан. Бир ирет сабактан кеч чыгып төмөн түшүп бараткам. Төрт-беш жапайы каман автоунаалар каттаган жолду кесип өтүп, мен бара жаткан жалгыз аяк жол менен түз эле мага бет ала жүгүрүштү. Ортобуз элүү-алтымыш кадамдай. Оң тарабымда тыгын автоунаалар, сол тарабым бийик дубал. Өйдө көздөй качайын десем, камандар өйдөгө тез чуркайт деп уккам. Ошондо машинелердин жарыгынан аркасында жакындап калган жырткычтарды байкабай араң басып келе жаткан кемпирди көрдүм. Мен го мейли, бир жагына ойт берем, тиги кемпир кантет деп жүрөгүм оозум кептеле түштү. Аңгыча камандар кемпирге жакын келип, күтүүсүздөн багытын буруп, машинелерди аралап жаныбыздан өтүп кетишти. Бул окуяны Кыргызстандагы жакындарыма айтсам, абайла деп аябай кабатырланышты. Япон тааныштарыма айтсам, «анын эмнесин айтасың» дегендей күлүп коюшат. Көрсө алар үчүн бул кадыресе эле көрүнүш экен.

Тоо тарапта жашаган кобеликтен «каман жолуктурдуң» беле деп сураганың, Кыргызстанда айылдык кишиден «торпок жолуктурдуң беле» деп сурагандай эле нерсе экен. «Ак желимге (пакетке) буюм салып көтөргөндө абайла, анткени, камандар ачка болсо тамак бар экен деп чуркашы мүмкүн. Анан балдары менен жүргөндөрүнөн алыс бол, балдарын кызганып кол салышы ыктымал. Негизинен алар зыяны деле жок»,- дейт бир таанышым.

Кийинчерээк тоодо жайгашкан башка үйгө көчтүм. Жапайы камандар үйүмдүн тегерегинде үйүрү менен күн деле түн деле жүрө беришет. Бет маңдай чыгып калышса дагы деле сестенип турам. А бирок япондордун көбү капарына да алышпайт. Бир жолу чоң кара каман баласы менен турган аллеяда япон жигит музыка угуп жай-баракат келе жатат. Жолдун аркы бетине өтүп, кантээр экен деп карап турсам, ал кымынча да көңүл бөлбөй жырткычтардын жанынан өтүп кетти. Каман да аны карап койгон жок. Иши кылып, айбандар менен адамдар бул жерде бири-бирине тийишпөө үчүн «келишип» алган сыяктуу.

Баягы Манастын жети осуяты деп идеология жасаганга аракет кылган жылдары «табият менен таттуу мамиледе болуу» тууралуу көп айтылчуу. Канчалык деңгээлде табиятка мамилебиз «таттуу» болуп атат, бул да ойлончуу маселе. Акыркы элүү жылда ансыз да жергебиздин жети-сегиз гана пайызын түзгөн токойлорубуздун тең жарымы кыйылып жок болуптур. Токойлор азайса мөңгүлөр бат эрип, суу да азаят дешет адистер. Табигый кырсыктар көбөйүп, денсоолук маселеси күчөшү мүмкүн экен.

Айылда чоңоюп, кооз жайлоолордо балалыгымды өткөрсөм да бир да жолу элик, аркар, каман, тоотекелерди көрбөгөнмүн. Жаратылышты сактоо боюнча япондордон үйрөнчүү нерселер огеле көп. Жогорудагы айтылгандар мунун далили.

Майрамсыз жаз

Жаркырап жаз да келди. Жылдын ушул сулуу мезгили Кыргызстанда аялзатынын 8-март майрамы менен башталат. Бирок Японияда бул майрамды белгилешпейт. Дегеле, аялдардын баарына тегиз арналган бир деле расмий майрамы жок булардын. «Хаха но хи» - «Апалар Күнү» дегени гана бар.

14-мартта эркектер аялдарга шоколад белек кылышат. Бир эле арзып-жактыргандарына же жубайларына эмес, кесиптештерине, тааныштарына, эжей-мугалимдерине, бирге окугандарына да шоколад беришет. Кызыгы акыркы жылдары Кыргызстанда жаштар арасында популярдуу болуп жаткан 14-февраль Сүйүү майрамы күнү тескерисинче аялдар эркектерге шоколад тартуулашат. Бул биздин өлкөдөгүдөй бир эле назик сезимди гана эмес, сый-урматты да билдирүүнүн жолу катары салтка айланып калган.

Жеке мен үчүн кайда болбосун жаз бул биринчи кезекте аялзатынын, гүлдөрдүн жана сулуулуктун мезгилиндей туюлат. Ошондуктан, жазда жазылган бул байкоолорум япон аялдары, аларга болгон эркектердин мамилеси тууралуу болмокчу.

Таттуу сөз айтсаң тартынгандар

Көркөм тасмалардан япон аялдарынын кимоно кийип, чачтарын үч бөлө кооз түйүп, тизелеп аярлай эшик ачып, апапакай колдорун назик кыймылдатып белендеген чайын жубайына ийиле сунуп турган карааны көбүбүзгө тааныш. Азыр андайды атактуу «Чай жасоо салтанатынан» гана көрбөсөң, чыныгы турмушта дээрлик кезиктире албайсың. Австралиялык Джон деген досум үйлөнсөм деп ошондой салттуу жапон кызын издеп, бирок жолу болбоду. «Андай кыздарды жолуктурууга үмүтүм азайгандан-азайып баратат», - деп ымандай сырын айтат.

Замандын агымы япон аялдарын ушунчалык өзгөрткөн. Дүйнөлөштүрүүнүн (глобализациянын) таасири таасын байкалса да, аларды толук америкалашып же европалашып кеткен деп айтууга да болбойт. Кийингендери, баскан-тургандары, адамга сүйлөгөндөрү, эмоциялары башкаларга окшобойт. Жанда жок кичи пейилдүүлүгү, сылыктыгы, жардамгөйлүгү, уяңдыгы жана жупунулугу (скромность) таң калтырат.

Жаңыдан келип Кобени жакшы биле элегимде бангладештик Ракиб Хасан деген таанышым: «Шаарда бир жерди издеп таппасаң япон кыздардан сура. Алар эч убакта «билбейм» жа «шашылышмын» деп басып кетип калышпайт. Аябай жардамгөй болушат», - деп кеңеш берди эле. Анын чындыгына кийин канча жолу ынандым. Бир жайды сурап кайрылсаң билишинче түшүндүрүп, билбесе күнөөлүү немедей «сумимасен» (кечирип коюңузчу) деп жолдон өтүп бара жаткан башкалардан сурап болсо да жардам беришет. Бир жолу поездге шашып жатып автоматтан ашыкча билет сатып алыптырмын. Аны кантип кайра автоматка киргизип, акчамды кайтарып алуунун жолун билбей сурап жанымда турган япон кыздан сурадым. Ал да билбейт экен. Түшүндүрмөнү окуп, убараланып, айласы түгөнгөндө жүрүңүз деп ээрчитип ошол жерди тейлеген жумушчуга алып барып жолуктуруп, андан кийин гана билет сатып алган жайга кайра жүгүрүп кетти. Көрсө мен шашкан поездге үлгүрөйүн деп ал да аябай шашылып жаткан экен. Ошого карабай менин маселем чечилгенче күлүп-жайнап эч сыр берген жок. Мен поездге жетиштим, ал байкуш болсо кечигип калды. Ичим ачышып, өзүмдү күнөөлөгөнүмдү айтпа…

Японияда көп жылдар бою жашаган өзбек теңтушум Мирзохид: «Бизде аялзаты таттуу сөздү (комплементти) жактырышат. Япон кыздарына андай жылуу сөздөрдү айтсаң уялып кетишет. Буларга мактоону да кыйытып, кагазга ороп айтыш керек», - дейт. Чындап эле бирге окуган кыздардын мактоо угуп «иие, иие» («жок, андай эмес») деп күлүп, жүздөрү кызарып кетишкенине канча жолу күбө болдук. Деген менен жаңы алган кийимин, өзгөргөн чач жасалгасын байкап, бааласаң чындап кубанышат. -УЛАНДЫСЫ БАР.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ

«ZAMAN Кыргызстан», 2012-жыл, 12-октябрь

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...